# 35-статья. Проблемалуу инвестициялык фонддун финансылык абалын жакшыртуу

- Документ: [Инвестициялык фонддор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/255)
- Документтеги орду: VII бөлүм
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 26-июлундагы № 92 "Инвестициялык фонддор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 92
- Кабыл алынган күнү: 26.07.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 марта 2010 года № 47 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об инвестиционных фондах""](https://aqlex.ai/kg/doc/202933)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 11.03.2010 [Закон КР от 11 марта 2010 года № 47 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об инвестиционных фондах""](https://aqlex.ai/kg/doc/202933); 08.04.2003 [Закон КР от 8 апреля 2003 года № 67 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об инвестиционный фондах"](https://aqlex.ai/kg/doc/1191)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/255#diff=938377..938378>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/255/st-35>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/255/edition/938374/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/255/st-35.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Инвестициялык фонддор жөнүндө, 35-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/255/st-35

---

1. Баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, эгерде инвестициялык фонд мыйзамдарды жана ченемдик актыларды бузса же анын туруктуулугуна жана ишенимдүүлүгүнө коркунуч келтирген иш жүргүзсө, кийин ага карата таасир этүүнүн алда канча олуттуу чаралары колдонулушу мүмкүн экендигин билдирүү максатында ага эскертүү берет.

2. Эгерде инвестициялык фонд мыйзамдарды бузгандыгынын, экономикалык ченемдерди сактабагандыгынын же эсепке алууну жана отчеттуулукту бузгандыгынын фактылары табылса, Баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган эреже бузууларды четтетүүнүн мөөнөтүн көрсөтүү менен инвестициялык фондго активдер жагындагы жана/же, пассивдер жагындагы операцияларды токтотуу жөнүндө милдеттендирүүчү катты жиберет.

3. Баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөндөгүдөй учурларда инвестициялык фонддун убактылуу башкаруучусун дайындайт:

- башкаруучу компаниянын инвестициялык фонддун ишинде эреже бузуулардын фактылары табылганда;

- инвестициялык фонддун финансылык абалы канааттандырарлыксыз болгондо;

- инвестициялык фондду башкарган органдардын ортосунда анын ишин бузушу мүмкүн болгон пикир келишпестиктер келип чыкканда;

- инвестициялык фонд башкаруусунан ажыраганда өткөрүп берет.

4. Инвестициялык фонддун финансылык абалын жакшыртуу менен байланышкан чараларды колдонуу тартиби, ошондой эле андай чаралардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

(КР 2003-жылдын 8-апрелиндеги № 67, 2010-жылдын 11-мартындагы № 47 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [34-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/255/st-34)  
Кийинки берене: [36-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/255/st-36)
