# 34-статья. Инвестициялык фонддордун жана аларды башкаруучу компаниялардын ишине мамлекеттик контроль

- Документ: [Инвестициялык фонддор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/255)
- Документтеги орду: VII бөлүм
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 26-июлундагы № 92 "Инвестициялык фонддор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 92
- Кабыл алынган күнү: 26.07.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 марта 2010 года № 47 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об инвестиционных фондах""](https://aqlex.ai/kg/doc/202933)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 11.03.2010 [Закон КР от 11 марта 2010 года № 47 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об инвестиционных фондах""](https://aqlex.ai/kg/doc/202933); 08.04.2003 [Закон КР от 8 апреля 2003 года № 67 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об инвестиционный фондах"](https://aqlex.ai/kg/doc/1191)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/255#diff=938377..938378>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/255/st-34>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/255/edition/938374/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/255/st-34.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Инвестициялык фонддор жөнүндө, 34-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/255/st-34

---

1. Инвестициялык фонддордун жана аларды башкаруучу компаниялардын ишине мамлекеттик контролду, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте Баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзөт.

2. Мамлекеттик контроль төмөнкүдөй учурларда:

- акционердик инвестициялык фонддун акцияларын чыгарууну мамлекеттик каттоодо;

- инвестициялык фонддорду жана аларды башкаруучу компанияларды лицензиялоодо;

- үлүштүк инвестициялык фонддун эрежелерин каттоодо жүргүзүлөт.

Инвестициялык фонддордун, аларды башкаруучу компаниялардын жана инвестициялык фонддун иши менен байланышкан баалуу кагаздар рыногунун башка кесипкөй катышуучуларынын иши да мамлекет тарабынан контролдонот.

3. (Бөлүк КР 2010-жылдын 11-мартындагы № 47 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2003-жылдын 8-апрелиндеги № 67, 2010-жылдын 11-мартындагы № 47 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [33-4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/255/st-33-4)  
Кийинки берене: [35-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/255/st-35)
