# 33-статья. Инвестициялык фонддордун ишин чектөө

- Документ: [Инвестициялык фонддор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/255)
- Документтеги орду: VI бөлүм
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 26-июлундагы № 92 "Инвестициялык фонддор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 92
- Кабыл алынган күнү: 26.07.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 марта 2019 года № 41 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам деятельности инвестиционных фондов"](https://aqlex.ai/kg/doc/111886)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.03.2019 [Закон КР от 29 марта 2019 года № 41 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам деятельности инвестиционных фондов"](https://aqlex.ai/kg/doc/111886); 11.03.2010 [Закон КР от 11 марта 2010 года № 47 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об инвестиционных фондах""](https://aqlex.ai/kg/doc/202933); 08.04.2003 [Закон КР от 8 апреля 2003 года № 67 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об инвестиционный фондах"](https://aqlex.ai/kg/doc/1191)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/255#diff=938380..938381>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/255/st-33>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/255/edition/938374/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/255/st-33.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Инвестициялык фонддор жөнүндө, 33-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/255/st-33

---

1. Инвестициялык фонд төмөнкүдөй иш-аракеттерди жасоого:

- кабыл алуу шарттары жана тартиби инвестициялык фонддун уставына жана эрежелерине, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген милдеттенмелерди өзүнө алууга;

- инвестициялык декларацияда көрсөтүлбөгөн активдерге инвестициялоону жүзөгө ашырууга;

- квалификациялуу инвесторлор үчүн инвестициялык фонддорду жана мамлекеттик баалуу кагаздарга жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кепилденген баалуу кагаздарга инвестициялоону кошпогондо, инвестициялык фонддун бардык таза активдеринин 20 пайыздан ашыгын бир эмитенттин баалуу кагаздарына инвестициялоо жүргүзүүгө;

- инвестициялык фонддордун аффилирленген жактары, депозитарий, көз карандысыз аудитор, көз карандысыз баа берүүчү, ошондой эле алардын аффилирленген жактары чыгарган баалуу кагаздарга каражаттарды инвестициялоого;

- өзү ээлик кылбаган жана ээлик кылууга укугу болбогон баалуу кагаздарды сатуу жөнүндө келишим түзүүгө;

- таза активдердин 20 пайызынан ашкан инвестициялык активин күрөөгө коюу менен акча каражаттары же башка мүлк түрүндө карыз берүүгө;

- квалификациялуу инвесторлор үчүн инвестициялык фонддорду кошпогондо, эгерде кайтарылуусу тийиш болгон кредиттин (карыздын) жалпы көлөмү кредит (карыз) жөнүндө келишимге кол коюлган күнгө карата инвестициялык фонддун таза активдеринин наркынын 10 пайызынан ашса, карыз капиталын тартууга. Кредит (карыз) узартуу укугусуз 6 айдан ашпаган мөөнөткө алынышы мүмкүн. Кредит (карыз) жөнүндө келишим инвестициялык фонд чыгарган баалуу кагаздарды сатып алуу үчүн зарыл болгон акча каражаттарына кыска мөөнөттүү муктаждыкты канааттандыруу үчүн гана акционердик инвестициялык фонд же үлүштүк инвестициялык фондду башкаруучу компания менен түзүлүшү мүмкүн;

- инвестициялык активдер менен репо операцияларын кошпогондо, кандай гана болбосун түрдөгү кепилдиктерди берүүгө же күрөө бүтүмдөрүн жасоого;

- брокер катарында чыгууга;

- квалификациялуу инвесторлор үчүн инвестициялык фонддорду кошпогондо, башка инвестициялык фонддор чыгарган баалуу кагаздарды сатып алууга;

- бул инвестициялык фонддун аффилирленген жактары менен бүтүм түзүүгө;

- квалификациялуу инвесторлор үчүн инвестициялык фонддорду кошпогондо, инвестициялык фонддун туунду ишканаларын түзүүгө;

- фонд чыгарган баалуу кагаздардан пайда (киреше) алууга же алардын наркынын көтөрүлүшүн кепилдөөгө же убада кылууга;

- өзү эмиссияланган акцияларды сатып алууга милдеттүү эмес, акционердик инвестициялык фонд чыгарган акцияларды сатып алууну же кайра сатып алууну кепилдөөгө же убада кылууга укуксуз;

- квалификациялуу инвесторлор үчүн инвестициялык фонддорду кошпогондо, күрөөлүк бүтүмдөрдү жасоого.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү инвестициялык фонддордун ишине кошумча чектөөлөрдү белгилеши мүмкүн.

(КР 2003-жылдын 8-апрелиндеги N 67, 2010-жылдын 11-мартындагы N 47, 2019-жылдын 29-мартындагы N 41 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) VI-1 глава. Квалификациялуу инвесторлор үчүн инвестициялык фонддор (Глава КР 2019-жылдын 29-мартындагы N 41 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [32-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/255/st-32)  
Кийинки берене: [33-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/255/st-33-1)
