# 33-3-статья. Квалификациялуу инвесторлор үчүн инвестициялык фонддордун акцияларын (үлүштөрүн) жүгүртүүнүн өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Инвестициялык фонддор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/255)
- Документтеги орду: VI бөлүм
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 26-июлундагы № 92 "Инвестициялык фонддор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 92
- Кабыл алынган күнү: 26.07.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/255/st-33-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/255/edition/938374/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Инвестициялык фонддор жөнүндө, 33-3-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/255/st-33-3

---

1. Квалификациялуу инвесторлор үчүн инвестициялык фонддордун акцияларын (үлүштөрүн) мураска алуу, ошондой эле жубайлар ажырашканда бирге топтогон мүлктү бөлүштүрүүнүн натыйжасында, жоюлган уюмдун мүлкүн бөлүштүрүүнүн натыйжасында жана күрөө предметине өндүрүп алууну жүгүртүүнүн жүрүшүндө күрөөнүн предметин өзүнө калтырууда аларды сатып алуу чектелбейт.

2. Эгерде инвестор квалификациялуу инвестор болуп саналбаган же болбосо квалификациялуу инвестордун статусун жоготкон учурда, акционердик инвестициялык фонд (үлүштүк инвестициялык фондду башкаруучу компания) мындай инвесторго таандык болгон (же анын пайдасына ишенимдүү башкарууда турган) квалификациялуу инвесторлор үчүн арналган акциялар (үлүштөр) менен аларды тындыруу же квалификациялуу инвесторго ажыратып берүү боюнча гана операцияларды өткөрүүгө укуктуу.

3. Квалификациялуу инвесторлор үчүн инвестициялык фонддордун акцияларын (үлүштөрүн) Кыргыз Республикасынын резиденттери тарабынан фонддук биржада сатып алуу Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары аркылуу гана жүзөгө ашырылат.

(КР 2019-жылдын 29-мартындагы N 41 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

VI-2 ГЛАВА. ВЕНЧУРДУК ФОНДДОР

(Глава КР 2026-жылдын 28-июлундагы № 127 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [33-2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/255/st-33-2)  
Кийинки берене: [33-4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/255/st-33-4)
