# 33-1-статья. Квалификациялуу инвесторлор үчүн инвестициялык фонддорду түзүү

- Документ: [Инвестициялык фонддор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/255)
- Документтеги орду: VI бөлүм
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 26-июлундагы № 92 "Инвестициялык фонддор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 92
- Кабыл алынган күнү: 26.07.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/255/st-33-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/255/edition/938374/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Инвестициялык фонддор жөнүндө, 33-1-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/255/st-33-1

---

1. Акционердик инвестициялык фонддун уставында жана эмиссия проспектинде жана үлүштүк инвестициялык фонддун эрежелеринде инвестициялык фонд квалификациялуу инвесторлорго гана арнала турганы каралышы мүмкүн.

Ушул Мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, мындай фонддордун акцияларын (үлүштөрүн) квалификациялуу инвестор болуп саналбаган жактардын сатып алышына жол берилбейт.

2. Квалификациялуу инвесторлор үчүн инвестициялык фонд өзүнүн статусун акцияларын (үлүштөрүн) квалификациялуу инвестор болуп саналбаган жактардын сатып алышына жол берген фондго өзгөртө албайт.

3. Инвестициялык фонд квалификациялуу инвесторлорго гана арналганы жөнүндө маалыматтар инвестициялык фонддун эмиссия проспектинин (эрежелеринин) титулдук барагында, ошондой эле инвестициялык фонддун эмиссия проспектинин (эрежелеринин) текстинин эң башталышында көрсөтүлүүгө тийиш, ал эми акционердик инвестициялык фонд үчүн анын уставында да көрсөтүлүүгө тийиш.

Квалификациялуу инвесторлор үчүн инвестициялык фонддун кандай гана болбосун ачык кулактандыруулары бул фонд квалификациялуу инвесторлор үчүн гана экенин көрсөтүү менен коштолууга тийиш.

4. Жабык үлүштүк инвестициялык фонддор квалификациялуу инвесторлор үчүн фонддор гана болушу мүмкүн.

(КР 2019-жылдын 29-мартындагы N 41 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [33-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/255/st-33)  
Кийинки берене: [33-2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/255/st-33-2)
