32-статья. Инвестициялык фонддун депозитарийи
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · V бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 29 марта 2019 года № 41
32-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 32-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1. Тиешелүү лицензиясы бар уюм инвестициялык фонддун депозитарийи боло алат. Инвестициялык фонд чет өлкөлүк эмитенттердин баалуу кагаздарын иши чет мамлекеттин мыйзамдары боюнча жүзөгө ашырылуучу чет өлкөлүк депозитарийлерде сактоого укуктуу.
2. Депозитарий акционердик инвестициялык фонддун жана үлүштүк инвестициялык фонддун инвесторлорунун таламдарында гана аракеттенет.
3. Активдеринин курамына бир депозитарийде эсепке алууга мүмкүн болбогон активдер кирген фонддорду кошпогондо, Ар бир инвестициялык фонддун бир гана депозитарийи болууга тийиш.
4. Инвестициялык фонддун депозитарийи төмөнкүлөргө:
- инвестициялык фонддун жана башкаруучу компаниянын ушул Мыйзамды, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, акционердик инвестициялык фонддун уставын, үлүштүк инвестициялык фонддун эрежелерин, инвестициялык декларацияны сакташына контролдук кылууга;
- инвестициялык фонддун мүлкүнүн, анын ичинде, өзүнчө баланстын эсебин, анын оошуп кетишине, анын ичинде, депозитарийге же башкаруучу компанияга таандык болгон мүлк менен оошуп кетүүсүнө жол бербей өзүнчө жүргүзүүгө;
- инвестициялык фонддун мүлкү үлүштүк инвестициялык фонддун эрежелерине, акционердик инвестициялык фонддун уставына жана акциялардын эмиссиясынын проспектисине ылайык тескелишине контролдук кылууга;
- инвестициялык фонддордун депозитарийлеринин ишине карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген башка талаптарды аткарууга милдеттүү.
5. Инвестициялык фонддун депозитарийи төмөндөгүлөргө укугу жок:
- инвестициялык фондго таандык болгон акча каражаттары менен баалуу кагаздарды пайдаланууга жана тескөөгө;
- инвестициялык фондго же башкаруучу компанияга инвестициялык фонддун акча каражаттары менен баалуу кагаздарын башкарууга макулдук берүүгө, ошондой эле инвестициялык фонддун же башкаруучу компаниянын инвестициялык фонддун баалуу кагаздарын өткөрүп берүү боюнча тапшырмаларын аткарууга, эгерде мындай тескемелер жана өткөрүп берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана тиешелүү түрдө акционердик инвестициялык фонддун уставына жана инвестициялык декларациясына, акционердик инвестициялык фонд менен башкаруучу компаниянын ортосундагы келишимге жана үлүштүк инвестициялык фонддун эрежелерине карама-каршы келсе.
6. Инвестициялык фонддун депозитарийине карата талаптарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
7. Инвестициялык фонддун депозитарийи өзүнүн мыйзамга ылайык келбеген иштери үчүн, анын ичинде инвестициялык фондго келтирген зыяны үчүн да инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясы менен мүлктүк жоопкерчиликти бирге тартат.
(КР 2003-жылдын 8-апрелиндеги N 67, 2010-жылдын 11-мартындагы N 47, 2019-жылдын 29-мартындагы N 41 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
32-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 29 марта 2019 года № 41 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам деятельности инвестиционных фондов"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 11 марта 2010 года № 47 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об инвестиционных фондах""Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 8 апреля 2003 года № 67 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об инвестиционный фондах"Редакцияларды салыштыруу
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/255/st-32" title="32-статья - Инвестициялык фонддор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>