# 30-статья. Отчеттуулук жана талап кылынган жазууларды жүргүзүү

- Документ: [Инвестициялык фонддор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/255)
- Документтеги орду: V бөлүм
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 26-июлундагы № 92 "Инвестициялык фонддор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 92
- Кабыл алынган күнү: 26.07.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 марта 2010 года № 47 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об инвестиционных фондах""](https://aqlex.ai/kg/doc/202933)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 11.03.2010 [Закон КР от 11 марта 2010 года № 47 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об инвестиционных фондах""](https://aqlex.ai/kg/doc/202933); 08.04.2003 [Закон КР от 8 апреля 2003 года № 67 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об инвестиционный фондах"](https://aqlex.ai/kg/doc/1191)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/255#diff=938377..938378>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/255/st-30>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/255/edition/938374/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/255/st-30.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Инвестициялык фонддор жөнүндө, 30-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/255/st-30

---

1. Инвестициялык фонд өз ишинин натыйжалары боюнча бухгалтердик эсеп жүргүзөт жана отчет түзөт, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык статистикалык отчеттуулукту жүргүзөт.

2. Жазууларды жүргүзүү, мүлктү сактоо жана инвестициялык фонддордун баалуу кагаздарына карата укуктарды эсепке алуу тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.

3. Акционердик инвестициялык фонд жана үлүштүк инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясы аудитордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө келишим түзүүгө милдеттүү.

Аныгын аныктоо жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келүү жагынан аудитордук текшерүүгө бухгалтердик эсеп, акционердик инвестициялык фондго таандык болгон мүлктү эсепке алуу жана отчеттуулукту түзүү, үлүштүк инвестициялык фондду түзүүчү мүлк жана бул мүлк менен жасалган операциялар алынат.

4. Акционердик инвестициялык фонддун жана үлүштүк инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясынын иши жөнүндөгү маалыматтарды ачууга талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

(КР 2003-жылдын 8-апрелиндеги № 67, 2010-жылдын 11-мартындагы № 47 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [29-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/255/st-29)  
Кийинки берене: [31-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/255/st-31)
