28-статья. Инвестициялык фонддун чыгымдары
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · IV бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 29 марта 2019 года № 41
28-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 28-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1. Инвестициялык фонддун чыгымдары болуп төмөнкүлөр саналат:
- акционердик инвестициялык фонддун аткаруу органына жана үлүштүк инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясына сыйакы;
- инвестициялык фонддун директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн акысы;
- рекламага чыгым;
- аудитордун жана көз карандысыз баа берүүчүнүн кызматтарына чыгымдар;
- инвестициялык фонддун иши менен байланышкан баалуу кагаздар боюнча кесиптик иш аткарган депозитарийдин жана башка уюмдардын кызматтарына чыгымдар.
- акционерлердин жалпы чогулушун жана инвестициялык үлүштөрдүн ээлеринин жалпы чогулушун (жабык үлүштүк инвестициялык фонддор үчүн) өткөрүүгө чыгымдар;
- инвестициялык активдерди сатып алууга, ээлөөгө жана сатып өткөрүүгө байланышкан чыгымдар;
- инвестициялык активдердин баасынын жагымсыз жакка өзгөрүшүн хеджерлөөгө чыгымдар.
Ушул статьяда көрсөтүлгөн чыгымдарды кошпогондо, инвестициялык фондду башкарууга байланышкан дагы башка чыгымдар аткаруу органдын сыйакысына жумшалган каражаттардын эсебинен ишке ашырылат";
2. Инвестициялык фонддун баалуу кагаздарын жайгаштыруу жана сатып алуу боюнча агенттердин жайгаштыруу жана сатып алуу менен байланышкан чыгымдары инвестициялык фонддун чыгымдарына кирбейт жана операция жүргүзүлгөн учурдагы баалуу кагаздардын наркынын 5 пайызынан ашпайт.
3. Квалификациялуу инвесторлор үчүн акционердик инвестициялык фондорду кошпогондо, акционердик инвестициялык фонддун жылдык жыйынды чыгымдарынын эң жогорку чеги инвестициялык фонддун таза активдеринин жылдык орточо наркынын 8 пайызынан ашпайт.
Квалификациялуу инвесторлор үчүн үлүштүк инвестициялык фонддорду кошпогондо, үлүштүк инвестициялык фонддун жылдык жыйынды чыгымдарынын эң жогорку чеги инвестициялык фонддун таза активдеринин жылдык орточо наркынын 5 пайызынан ашпайт.
4. Акционердик инвестициялык фондду башкаруу жөнүндө келишимде же үлүштүк инвестициялык фонддун эрежелеринде инвестициялык фонддун жылдык эң жогорку жыйынды чыгымдарын 8 пайыздан аз өлчөмдө чектөө каралышы мүмкүн.
5. Инвестициялык фонддун таза активдеринин наркын аныктоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
(КР 2003-жылдын 8-апрелиндеги N 67, 2010-жылдын 11-мартындагы N 47, 2019-жылдын 29-мартындагы N 41 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
28-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 29 марта 2019 года № 41 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам деятельности инвестиционных фондов"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 11 марта 2010 года № 47 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об инвестиционных фондах""Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 8 апреля 2003 года № 67 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об инвестиционный фондах"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Положение об активах инвестиционных фондов (Утверждено постановлением Государственной комиссии при Правительстве Кыргызской Республики по рынку ценных бумаг от 6 февраля 2002…Положение · 06.02.2002 · № 14 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/255/st-28" title="28-статья - Инвестициялык фонддор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>