# 27-статья. Инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясынын функциялары жана милдеттери

- Документ: [Инвестициялык фонддор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/255)
- Документтеги орду: IV бөлүм
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 26-июлундагы № 92 "Инвестициялык фонддор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 92
- Кабыл алынган күнү: 26.07.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 марта 2010 года № 47 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об инвестиционных фондах""](https://aqlex.ai/kg/doc/202933)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 11.03.2010 [Закон КР от 11 марта 2010 года № 47 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об инвестиционных фондах""](https://aqlex.ai/kg/doc/202933); 08.04.2003 [Закон КР от 8 апреля 2003 года № 67 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об инвестиционный фондах"](https://aqlex.ai/kg/doc/1191)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/255#diff=938377..938378>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/255/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/255/edition/938374/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/255/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Инвестициялык фонддор жөнүндө, 27-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/255/st-27

---

1. Инвестициялык фондду башкаруучу компания өз функцияларын инвестициялык фонддун инвестициялык декларациясына, үлүштүк инвестициялык фонддун эрежелерине, уставга жана башкаруучу компания менен акционердик инвестициялык фонддун директорлор кеңешинин ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык жүзөгө ашырат.

2. Инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясы төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:

- фонддун баалуу кагаздарын жайгаштыруу жана инвестициялык чечимдерди турмушка ашыруу процессинде инвестициялык фонддун депозитарийи жана баалуу кагаздар рыногунун башка кесипкөй катышуучулары менен эриш-аркак аракеттенет;

- инвестициялык фонддун акча каражаттарын инвестициялык активдерге инвестициялоо жөнүндө чечим кабыл алат жана бул активдер менен ар кандай жарандык-укуктук бүтүмдөрдү жүргүзөт;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жол берилген башка функцияларды аткарат.

3. Башкаруучу компаниянын милдеттерине төмөнкүлөр:

- инвестициялык фонддун инвестициялык саясатын анын инвестициялык декларациясынын негизинде жүзөгө ашыруу, ал инвестициялык активдер жагынан ар кандай бүтүмдөрдү түзүү жана ишке ашыруу жөнүндө чечимдерди кабыл алууну өзүнө камтыйт;

- өз ишинин натыйжалары жөнүндө акционердик инвестициялык фонддун директорлор кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында дайыма отчет берүү;

- бардык үчүнчү жактар менен мамилелерде инвестициялык фонддун таламдарын билдирүү;

- акционердик инвестициялык фондду башкаруу жөнүндө тиешелүү келишимде, үлүштүк инвестициялык фонддун эрежелеринде жана Баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ченемдик укуктук актыларында белгиленген башка милдеттер кирет.

4. Башкаруучу компаниянын инвестициялык фондду башкаруу боюнча өзү кабыл алган чечимдерин аткаруу боюнча тапшырмаларын депозитарий жана бул инвестициялык фондго тиешелүү келишимдердин негизинде кызмат көрсөткөн баалуу кагаздар рыногунун башка кесипкөй катышуучулары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш.

5. Башкаруучу компаниянын жана кызмат адамдары өзүнүн укукка жат иш-аракеттери үчүн, анын ичинде инвестициялык фондго келтирилген зыян үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мүлктүк, тартиптик, администрациялык жана жазык жоопкерчилигин тартат.

6. Акционердик инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясы директорлор кеңешинин макулдугу болмоюнча төмөнкүлөргө:

- алар менен бүтүмдүн натыйжасында башкаруучу компания жарандык-укуктук мамилеге, болбосо менчик ээсинин же кредитордун укугуна ээ болгон уюмдарга инвестициялык фонд инвестицияларды жасаган чечимдерди кабыл алууга же иш-аракеттерди жасоого;

- тараптардын бири акцияларынын 5 же андан ашык пайызын инвестициялык фонд ээлеген уюм болгон бүтүмдөр жагында үчүнчү жактарга консультация берүүгө укуксуз.

7. (КР 2003-жылдын 8-апрелиндеги № 67 мыйзамына ылайык алып салынган)

8. Акционердик инвестициялык фондду башкаруу жөнүндө келишимде жана үлүштүк инвестициялык фонддун эрежелеринде тараптардын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги, инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясынын ишине акы төлөө тартиби, мөөнөтү жана өлчөмү, баалуу кагаздар жана башка субъекттер рыногунун кесипкөй катышуучулары менен өз ара мамилелерде инвестициялык фонддун таламдарын билдирүү шарттары белгиленет.

Акционердик инвестициялык фондду башкаруу жөнүндө башкаруучу компаниясы менен келишимге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү директорлор кеңешинин чечими боюнча жүргүзүлөт. Үлүштүк инвестициялык фонддун эрежелерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор башкаруучу компания тарабынан киргизилет. (КР 2003-жылдын 8-апрелиндеги № 67, 2010-жылдын 11-мартындагы № 47 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [26-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/255/st-26)  
Кийинки берене: [28-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/255/st-28)
