# 25-статья. Үлүштүк инвестициялык фондду жоюу

- Документ: [Инвестициялык фонддор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/255)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 26-июлундагы № 92 "Инвестициялык фонддор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 92
- Кабыл алынган күнү: 26.07.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 марта 2019 года № 41 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам деятельности инвестиционных фондов"](https://aqlex.ai/kg/doc/111886)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.03.2019 [Закон КР от 29 марта 2019 года № 41 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам деятельности инвестиционных фондов"](https://aqlex.ai/kg/doc/111886); 11.03.2010 [Закон КР от 11 марта 2010 года № 47 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об инвестиционных фондах""](https://aqlex.ai/kg/doc/202933); 08.04.2003 [Закон КР от 8 апреля 2003 года № 67 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об инвестиционный фондах"](https://aqlex.ai/kg/doc/1191)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/255#diff=938380..938381>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/255/st-25>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/255/edition/938374/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/255/st-25.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Инвестициялык фонддор жөнүндө, 25-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/255/st-25

---

1. Үлүштүк инвестициялык фонд төмөнкүдөй учурларда:

- башкаруучу компаниянын демилгеси боюнча;

- эгерде инвестициялык үлүштөрдү алгачкы жайгаштыруунун мөөнөтү аяктагандыгынын натыйжасында инвестициялык фонддун таза активдеринин наркы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген сандан азды түзсө;

- эгерде фонддун башкаруучу компаниясынын тиешелүү лицензиясы жокко чыгарылса жана лицензия жокко чыгарылган күндөн тартып бир айдын ичинде анын укуктары менен милдеттери башка башкаруучу компанияга өткөрүп берилбесе;

- эгерде башкаруучу компаниянын өз ыктыяры менен жоюлушу жөнүндө чечим кабыл алынса;

- эгерде үлүштүк инвестициялык фонддун тиешелүү депозитарийинин лицензиясы жоюлса жана лицензия жокко чыгарылган күндөн тартып бир айдын ичинде башка депозитарий менен келишим түзүлбөсө;

- эгерде үлүштүк фонд түзүлгөн мөөнөт аяктаса;

- ушул Мыйзамдын 18-1-статьясына ылайык жабык үлүштүк инвестициялык фонддун үлүш ээлеринин жалпы чогулушунун чечими боюнча;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда жоюлат.

2. Фонд жоюлган учурда аны түзгөн мүлк сатылат. Андан түшкөн каражаттар кредиторлордун талаптары канааттандырылгандан, фондду жойгон жакка акы төлөгөндөн жана жоюуга байланышкан чыгымдардын орду толтурулгандан, фондду башкаруучу компанияга, депозитарийге, адистештирилген каттоочуга, аудиторго жана фонддун көз карандысыз баа берүүчүсүнө чегерилген акы төлөнгөндөн кийин анын инвестициялык үлүштөрүнүн ээлеринин ортосунда өздөрүнө таандык болгон инвестициялык үлүштөрдүн санына пропорциялуу бөлүштүрүлөт.

3. Үлүштүк фондду жоюу, анын ичинде аны түзгөн мүлктү сатуу, кредиторлордун талаптарын канааттандыруу жана акча каражаттарын инвестициялык үлүштөрдүн ээлеринин ортосунда бөлүштүрүү боюнча милдет фонддун компаниясын башкаруучуга, ал эми анын лицензиясы жоюлган же фондду башкаруучу компания жоюлган учурда Баалуу кагаздар рыногу боюнча улуттук комиссия дайындаган фондду убактылуу башкаруучуга, ал эми мындай башкаруучу дайындалбаган учурда фонддун адистештирилген депозитарийине жүктөлөт.

(КР 2003-жылдын 8-апрелиндеги N 67, 2010-жылдын 11-мартындагы N 47, 2019-жылдын 29-мартындагы N 41 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [24-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/255/st-24)  
Кийинки берене: [26-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/255/st-26)
