# 24-статья. Башкаруучу компания тарабынан инвестициялык үлүштөрдүн кийинки сатылышы жана сатып алынышы

- Документ: [Инвестициялык фонддор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/255)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 26-июлундагы № 92 "Инвестициялык фонддор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 92
- Кабыл алынган күнү: 26.07.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 марта 2019 года № 41 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам деятельности инвестиционных фондов"](https://aqlex.ai/kg/doc/111886)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.03.2019 [Закон КР от 29 марта 2019 года № 41 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам деятельности инвестиционных фондов"](https://aqlex.ai/kg/doc/111886); 08.04.2003 [Закон КР от 8 апреля 2003 года № 67 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об инвестиционный фондах"](https://aqlex.ai/kg/doc/1191)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/255#diff=938380..938381>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/255/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/255/edition/938374/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/255/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Инвестициялык фонддор жөнүндө, 24-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/255/st-24

---

(Статьянын аталышы КР 2019-жылдын 29-мартындагы N 41 Мыйзамынын редакциясына ылайык

1. Инвестициялык үлүштү сатып алуунун же сатуунун баасы башкаруучу компания тарабынан үлүштүк инвестициялык фонддун таза активдеринин наркын ал өзү жайгаштырган инвестициялык үлүштүн санына бөлүү жолу менен эсептелип чыгат.

Чыгарылган инвестициялык үлүштөрдү сатып алуу милдеттенмеси менен үлүштүк инвестициялык фонддун инвестициялык үлүштөрүн жайгаштырууга жана сатып алууга белгиленген баа бир күндүн ичинде өзгөрө албайт. Интервалдык үлүштүк инвестициялык фонддун инвестициялык үлүштөрүн жайгаштырууга жана сатып алууга белгиленген баа инвестициялык үлүштөрдү сатып алууга табыштамаларды кабыл алуу мөөнөтүнүн ичинде өзгөрө албайт.

2. (КР 2019-жылдын 29-мартындагы N 41 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3. Үлүштүк инвестициялык фонддун чыгарылган инвестициялык үлүштөрүн сатып алуу милдеттенмеси менен үлүштүк инвестициялык фонддун инвестициялык үлүштөрүн жайгаштырууга жана сатып алууга табыштамалар ар бир жумуш күнү кабыл алынат.

Интервалдык үлүштүк инвестициялык фонддун инвестициялык үлүштөрүн алууга жана сатып алуу арыздар анын эрежелеринде аныкталган мөөнөттүн ичинде гана кабыл алынат.

4. Өзү эмиссиялаган инвестициялык үлүштөрүн сатып алууга милдеттүү үлүштүк инвестициялык фонддун инвестициялык үлүштөрүнүн ээлери өздөрүнө таандык инвестициялык үлүштөрдү сатып алууга арызды алгачкы жайгаштыруу мөөнөтү аяктаган күндөн кийинки күндөн тартып берүүгө укуктуу.

Интервалдык үлүштүк инвестициялык фонддун инвестициялык үлүштөрүнүн ээлери өздөрүнө таандык инвестициялык үлүштөрдү сатып алууга арызды интервалдык үлүштүк инвестициялык фонддун эрежелеринде белгиленген мөөнөттө берүүгө укуктуу.

5. Инвестициялык үлүштөрдү жайгаштыруу жана сатып алуу тартиби үлүштүк инвестициялык фонддун эрежелери менен аныкталат.

(КР 2003-жылдын 8-апрелиндеги N 67, 2019-жылдын 29-мартындагы N 41 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [23-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/255/st-23)  
Кийинки берене: [25-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/255/st-25)
