# 23-статья. Үлүштүк инвестициялык фонддун инвестициялык үлүштөрүн алгачкы жайгаштыруу

- Документ: [Инвестициялык фонддор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/255)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 26-июлундагы № 92 "Инвестициялык фонддор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 92
- Кабыл алынган күнү: 26.07.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 марта 2019 года № 41 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам деятельности инвестиционных фондов"](https://aqlex.ai/kg/doc/111886)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.03.2019 [Закон КР от 29 марта 2019 года № 41 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам деятельности инвестиционных фондов"](https://aqlex.ai/kg/doc/111886); 11.03.2010 [Закон КР от 11 марта 2010 года № 47 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об инвестиционных фондах""](https://aqlex.ai/kg/doc/202933); 08.04.2003 [Закон КР от 8 апреля 2003 года № 67 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об инвестиционный фондах"](https://aqlex.ai/kg/doc/1191)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/255#diff=938380..938381>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/255/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/255/edition/938374/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/255/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Инвестициялык фонддор жөнүндө, 23-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/255/st-23

---

1. Ачык жана интервалдык үлүштүк инвестициялык фонддордун инвестициялык үлүштөрү аларды ачык сунуштоо аркылуу гана жайгаштырылышы мүмкүн. Жабык үлүштүк инвестициялык фонддун инвестициялык үлүштөрүн жайгаштыруу жеке сунуштоо жолу менен жүрүшү мүмкүн.

2. Инвестициялык үлүштөрдү алгачкы жайгаштыруу үлүштүк инвестициялык фонддун эрежелери менен аныкталат жана 90 календарлык күндөн ашпоого тийиш.

3. Алгачкы жайгаштырууда инвестициялык үлүштүн наркы башкаруучу компания тарабынан белгиленет жана инвестициялык үлүштөрдү алгачкы жайгаштыруунун бүткүл мөөнөтүнүн ичинде өзгөрүлүүгө тийиш эмес.

4. Инвестициялык үлүштөрдү алгачкы жайгаштыруу мөөнөтү аяктагандан кийин үлүштүк инвестициялык фонддун таза активдеринин наркы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген суммадан кем болбоого тийиш. Андай болбогон учурда башкаруучу компания инвестициялык үлүштөрдү алууга арыздарды кабыл алууну токтотууга милдеттүү жана үлүштүк инвестициялык фонд жоюлат. Алгачкы жайгаштыруунун натыйжасында алынган каражаттар инвестициялык үлүштөрдүн ээлерине кайра кайтарылат.

5. Инвестициялык үлүштөрдү алгачкы жайгаштыруу мезгилинде башкаруучу компания алынган акча каражаттарын коммерциялык банктарга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын баалуу кагаздары жана мамлекеттик баалуу кагаздар түрүндө депозитте гана жайгаштырууга укуктуу.

6. Инвестициялык үлүштөрдү алгачкы жайгаштыруу мөөнөтү аяктагандан кийин 5 календарлык күндөн кечиктирбестен башкаруучу компания инвестициялык үлүштөрдү алгачкы жайгаштыруунун жыйынтыктары жөнүндө отчетту Баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бекитүүсүнө сунуш кылууга жана инвестициялык үлүштөр ачык жайгаштырылган учурда аны басылмаларда жарыялоого милдеттүү.

7. Ачык жана интервалдык үлүштүк инвестициялык фонддор үчүн инвестициялык үлүштөрдүн алгачкы жайгаштырылуусунун жыйынтыктарын каттоодо жайгаштырылбай калган инвестициялык үлүштөр жокко чыгарылбайт, алар эмитент сатып алган баалуу кагаздардын эсебине киргизилет жана кийин ал тарабынан сатылышы мүмкүн. Инвестициялык үлүштөрдүн эмитенти өзүнүн инвестициялык үлүштөрүнүн сатылышы жана сатып алынышы жөнүндө баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ай сайын маалымдоого милдеттүү.

(КР 2003-жылдын 8-апрелиндеги N 67, 2010-жылдын 11-мартындагы N 47, 2019-жылдын 29-мартындагы N 41 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/255/st-22)  
Кийинки берене: [24-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/255/st-24)
