Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
23-статья. Үлүштүк инвестициялык фонддун инвестициялык үлүштөрүн алгачкы жайгаштыруу
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · III бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 29 марта 2019 года № 41
1. Ачык жана интервалдык үлүштүк инвестициялык фонддордун инвестициялык үлүштөрү аларды ачык сунуштоо аркылуу гана жайгаштырылышы мүмкүн. Жабык үлүштүк инвестициялык фонддун инвестициялык үлүштөрүн жайгаштыруу жеке сунуштоо жолу менен жүрүшү мүмкүн.
2. Инвестициялык үлүштөрдү алгачкы жайгаштыруу үлүштүк инвестициялык фонддун эрежелери менен аныкталат жана 90 календарлык күндөн ашпоого тийиш.
3. Алгачкы жайгаштырууда инвестициялык үлүштүн наркы башкаруучу компания тарабынан белгиленет жана инвестициялык үлүштөрдү алгачкы жайгаштыруунун бүткүл мөөнөтүнүн ичинде өзгөрүлүүгө тийиш эмес.
4. Инвестициялык үлүштөрдү алгачкы жайгаштыруу мөөнөтү аяктагандан кийин үлүштүк инвестициялык фонддун таза активдеринин наркы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген суммадан кем болбоого тийиш. Андай болбогон учурда башкаруучу компания инвестициялык үлүштөрдү алууга арыздарды кабыл алууну токтотууга милдеттүү жана үлүштүк инвестициялык фонд жоюлат. Алгачкы жайгаштыруунун натыйжасында алынган каражаттар инвестициялык үлүштөрдүн ээлерине кайра кайтарылат.
5. Инвестициялык үлүштөрдү алгачкы жайгаштыруу мезгилинде башкаруучу компания алынган акча каражаттарын коммерциялык банктарга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын баалуу кагаздары жана мамлекеттик баалуу кагаздар түрүндө депозитте гана жайгаштырууга укуктуу.
6. Инвестициялык үлүштөрдү алгачкы жайгаштыруу мөөнөтү аяктагандан кийин 5 календарлык күндөн кечиктирбестен башкаруучу компания инвестициялык үлүштөрдү алгачкы жайгаштыруунун жыйынтыктары жөнүндө отчетту Баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бекитүүсүнө сунуш кылууга жана инвестициялык үлүштөр ачык жайгаштырылган учурда аны басылмаларда жарыялоого милдеттүү.
7. Ачык жана интервалдык үлүштүк инвестициялык фонддор үчүн инвестициялык үлүштөрдүн алгачкы жайгаштырылуусунун жыйынтыктарын каттоодо жайгаштырылбай калган инвестициялык үлүштөр жокко чыгарылбайт, алар эмитент сатып алган баалуу кагаздардын эсебине киргизилет жана кийин ал тарабынан сатылышы мүмкүн. Инвестициялык үлүштөрдүн эмитенти өзүнүн инвестициялык үлүштөрүнүн сатылышы жана сатып алынышы жөнүндө баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ай сайын маалымдоого милдеттүү.
(КР 2003-жылдын 8-апрелиндеги N 67, 2010-жылдын 11-мартындагы N 47, 2019-жылдын 29-мартындагы N 41 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 29 марта 2019 года № 41 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам деятельности инвестиционных фондов"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 11 марта 2010 года № 47 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об инвестиционных фондах""Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 8 апреля 2003 года № 67 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об инвестиционный фондах"Редакцияларды салыштыруу
29.03.2019 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…инвестициялык фонддун инвестициялык үлүштөрүн алгачкы жайгаштыруу
1. алынып салынды: Инвестициялык үлүштөрдү алгачкы жайгаштыруу кошулду: Ачык жана интервалдык үлүштүк инвестициялык фонддордун инвестициялык үлүштөрү аларды ачык сунуштоо аркылуу гана жайгаштырылышы мүмкүн. Жабык үлүштүк инвестициялык фонддун алынып салынды: эрежелеринде көрсөтүлгөн мөөнөттө башталат.
кошулду: инвестициялык үлүштөрүн жайгаштыруу жеке сунуштоо жолу менен жүрүшү мүмкүн.
2. Инвестициялык үлүштөрдү алгачкы жайгаштыруу үлүштүк инвестициялык … башкаруучу компания алынган акча каражаттарын коммерциялык банктарга алынып салынды: эркин конвертирленүүчү валюта кошулду: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын баалуу кагаздары жана мамлекеттик баалуу кагаздар түрүндө депозитте гана жайгаштырууга … ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бекитүүсүнө сунуш кылууга жана кошулду: инвестициялык үлүштөр ачык жайгаштырылган учурда аны басылмаларда жарыялоого милдеттүү.
кошулду: 7. Ачык жана интервалдык үлүштүк инвестициялык фонддор үчүн инвестициялык үлүштөрдүн алгачкы жайгаштырылуусунун жыйынтыктарын каттоодо жайгаштырылбай калган инвестициялык үлүштөр жокко чыгарылбайт, алар эмитент сатып алган баалуу кагаздардын эсебине киргизилет жана кийин ал тарабынан сатылышы мүмкүн. Инвестициялык үлүштөрдүн эмитенти өзүнүн инвестициялык үлүштөрүнүн сатылышы жана сатып алынышы жөнүндө баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ай сайын маалымдоого милдеттүү.
(КР 2003-жылдын 8-апрелиндеги алынып салынды: № кошулду: N 67, 2010-жылдын 11-мартындагы алынып салынды: № 47 кошулду: N 47, 2019-жылдын 29-мартындагы N 41 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/255/st-23" title="23-статья - Инвестициялык фонддор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>