# 21-статья. Үлүштүк инвестициялык фонддун эрежелери

- Документ: [Инвестициялык фонддор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/255)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 26-июлундагы № 92 "Инвестициялык фонддор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 92
- Кабыл алынган күнү: 26.07.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 марта 2019 года № 41 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам деятельности инвестиционных фондов"](https://aqlex.ai/kg/doc/111886)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.03.2019 [Закон КР от 29 марта 2019 года № 41 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам деятельности инвестиционных фондов"](https://aqlex.ai/kg/doc/111886); 11.03.2010 [Закон КР от 11 марта 2010 года № 47 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об инвестиционных фондах""](https://aqlex.ai/kg/doc/202933); 08.04.2003 [Закон КР от 8 апреля 2003 года № 67 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об инвестиционный фондах"](https://aqlex.ai/kg/doc/1191)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/255#diff=938380..938381>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/255/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/255/edition/938374/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/255/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Инвестициялык фонддор жөнүндө, 21-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/255/st-21

---

1. Үлүштүк инвестициялык фонддун иши үлүштүк инвестициялык фондду башкаруучу компания тарабынан бекитилүүчү, ал эми ушул Мыйзамда каралган учурларда - инвестициялык үлүштөрдүн ээлеринин жалпы чогулушунда бекитилүүчү үлүштүк инвестициялык фонддун эрежелери менен жөнгө салынат.

Үлүштүк инвестициялык фонддун эрежелеринде төмөнкүлөр:

- үлүштүк инвестициялык фонддун толук жана кыскартылган аталышы;

- фонддун үлүштөрүн жабык үлүштүк инвестициялык фонддор үчүн квалификациялуу инвесторлор гана сатып алышы мүмкүн;

- үлүштүк инвестициялык фонддун түрү;

- компанияны башкаруучунун фирмалык аталышы, турган орду, уюштуруу-укуктук формасы, тиешелүү лицензияны алган күн жана лицензиясынын номери;

- депозитарийдин, адистештирилген каттоочу турган орду, аталышы, тийиштүү лицензияны алган күн жана лицензиянын номери;

- үлүштүк инвестициялык фонддун эрежелеринин ажыралгыс бөлүгү болуп саналган, инвестициялык декларацияда баяндалган ишке ашырылып жаткан инвестициялардын багыттары;

- инвестициялык фондду башкаруучу компаниянын укуктары жана милдеттери;

- башкаруучу компанияга акы төлөп берүүнүн өлчөмү, шарты жана тартиби;

- үлүштүк инвестициялык фондду башкаруу боюнча башкаруучу компанияга орду толтурулуп бериле турган чыгымдардын түрлөрү, ошондой эле мындай чыгымдарга карата белгиленген чектөөлөр;

- жабык үлүштүк инвестициялык фонддор үчүн инвестициялык үлүштөрдүн ээлеринин жалпы чогулушун чакыруунун жана өткөрүүнүн тартиби;

- орто аралыктагы кирешени төлөөнү караган жабык үлүштүк инвестициялык фонддор үчүн мындай кирешени эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби;

- инвестициялык үлүштөрдүн ээлеринин укуктары, инвестициялык үлүштөрдү жайгаштыруунун жана сатып алуунун тартиби жана шарттары;

- инвестициялык фонддун таза активдеринин наркын аныктоонун тартиби;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген башка маалыматтар көрсөтүлүүгө тийиш.

Үлүштүк инвестициялык фонддун эрежелери баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан катталууга тийиш. Жабык үлүштүк инвестициялык фонддун эрежелерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор каттоо жөнүндө билдирүү жарыялангандан кийинки күнү күчүнө кирет.

2. Үлүштүк инвестициялык фонддун эрежелерине киргизилүүчү өзгөртүүлөр менен толуктоолор баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталууга тийиш.

Үлүштүк инвестициялык фонддун эрежелерин же үлүштүк инвестициялык фонддун эрежелерине өзгөртүүлөр менен толуктоолорду каттоо жөнүндөгү билдирүү, бул эрежелердин же өзгөртүүлөр менен толуктоолордун толук тексти менен тааныштыруунун тартиби жөнүндөгү маалыматты камтуу менен массалык маалымат каражаттарынын басылмаларында жарыяланууга тийиш. Үлүштүк инвестициялык фонддун эрежелерине киргизилген өзгөртүүлөр менен толуктоолор аларды каттоо жөнүндөгү билдирүү жарыяланган күндөн тартып бир айдын ичинде күчүнө кирет. Интервалдык үлүштүк инвестициялык фонддун эрежелерине киргизилген өзгөртүүлөр менен толуктоолорду каттоо жөнүндө билдирүү жарыялангандан кийинки жакынкы табыштамаларды кабыл алуунун мөөнөтү аяктаган күндөн кийинки күндөн тартып күчүнө кирет. (КР 2003-жылдын 8-апрелиндеги N 67, 2010-жылдын 11-мартындагы N 47, 2019-жылдын 29-мартындагы N 41 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/255/st-20)  
Кийинки берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/255/st-22)
