# 20-статья. Үлүштүк инвестициялык фонддордун инвестициялык үлүштөрү

- Документ: [Инвестициялык фонддор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/255)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 26-июлундагы № 92 "Инвестициялык фонддор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 92
- Кабыл алынган күнү: 26.07.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 марта 2019 года № 41 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам деятельности инвестиционных фондов"](https://aqlex.ai/kg/doc/111886)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.03.2019 [Закон КР от 29 марта 2019 года № 41 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам деятельности инвестиционных фондов"](https://aqlex.ai/kg/doc/111886); 08.04.2003 [Закон КР от 8 апреля 2003 года № 67 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об инвестиционный фондах"](https://aqlex.ai/kg/doc/1191)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/255#diff=938380..938381>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/255/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/255/edition/938374/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/255/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Инвестициялык фонддор жөнүндө, 20-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/255/st-20

---

1. Инвестициялык үлүш энчилүү баалуу кагаз болуп саналат, ал төмөндөгүлөрдү ырастайт:

үлүштүк инвестициялык фондду түзүүчү мүлккө болгон менчик укугуна анын ээсинин үлүшүн; анын ээсинин укугун:

- аны инвестициялык фондго кайтарып берүүгө, бул үчүн таза активдердин наркынын жайгаштырылган инвестициялык үлүштөрүнүн жалпы санына катышы катары аныктала турган өлчөмдөгү акчалай түрүндө төлөнгөн сумманы алууга;

- башкаруучу компаниядан үлүштүк инвестициялык фондду ойдогудай ишенимдүү башкарууну талап кылууга;

- үлүштүк инвестициялык фонддун жана анын башкаруучу компаниясынын иши менен байланышкан маалыматтарды алууга.

(Абзац КР 2019-жылдын 29-мартындагы N 41 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

- ушул Мыйзамда каралган учурларда инвестициялык үлүштөрдүн ээлеринин жалпы чогулушуна катышууга;

- эгерде жабык үлүштүк инвестициялык фонддун эрежелеринде мындай кирешени төлөп берүү каралса, бул фондду түзүүчү мүлктү ишенимдүү башкаруудан киреше (орто аралыктагы киреше) алууга.

2. Үлүштүк инвестициялык фонддун инвестициялык үлүштөрүнүн эмитенти башкаруучу компания болуп саналат. Инвестициялык үлүштөрдү чыгаруунун, аларды жайгаштыруунун жана жүгүртүүнүн тартиби инвестициялык фонддун эрежелери менен белгиленет.

3. Инвестициялык үлүш номиналдык наркка ээ болбойт. Инвестициялык үлүштөр боюнча пайыздар жана дивиденддер чегерилбейт. Эгерде бул жабык үлүштүк инвестициялык фонддун эрежелеринде каралса, жабык үлүштүк инвестициялык фонддун үлүштөрүнө карата орто аралыктагы киреше чегерилиши жана төлөп берилиши мүмкүн.

4. Ар бир инвестициялык үлүш мүлккө болгон жалпы менчикти түзүүчү үлүштүк инвестициялык фонддун укугундагы бирдей үлүштү жана бирдей укукту ырастайт.

5. Инвестициялык үлүштөр документтик эмес формада чыгарылат.

6. Инвестициялык үлүштөрдү төлөө улуттук валютадагы акча каражаттары менен жүргүзүлөт. Квалификациялуу инвесторлор үчүн инвестициялык фонддордун инвестициялык үлүштөрүн төлөө улуттук же чет өлкөлүк валютада, ошондой эле башка мүлк түрүндө жүргүзүлүшү мүмкүн. Инвестициялык фондго чет өлкөлүк валютаны салганда, ал Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча эсепке алынат. Үлүштүк инвестициялык фондго мүлктү салганда, улуттук же чет өлкөлүк валютадагы акча каражаттарынан айырмалуу мүлктүн рыноктук наркы көз карандысыз баалоочунун корутундусу менен ырасталат.

7. Үлүштүк инвестициялык фонддун инвестициялык үлүштөрүнөн келип чыгуучу баалуу кагаздар квалификациялуу инвесторлор үчүн чыгарылган учурда алардын ээлери квалификациялуу инвесторлор гана боло алат.

8. Үлүштүк инвестициялык фондунун инвестициялык үлүштөрүн баштапкы жайгаштыруунун жыйынтыктары боюнча отчету баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилгенден кийин инвестициялык үлүштөр эркин жүгүртүлөт.

(КР 2003-жылдын 8-апрелиндеги N 67, 2019-жылдын 29-мартындагы N 41 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/255/st-19)  
Кийинки берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/255/st-21)
