# 2-статья. Ушул Мыйзамда пайдаланылган терминдер жана аныктамалар

- Документ: [Инвестициялык фонддор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/255)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 26-июлундагы № 92 "Инвестициялык фонддор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 92
- Кабыл алынган күнү: 26.07.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 марта 2019 года № 41 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам деятельности инвестиционных фондов"](https://aqlex.ai/kg/doc/111886)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.03.2019 [Закон КР от 29 марта 2019 года № 41 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам деятельности инвестиционных фондов"](https://aqlex.ai/kg/doc/111886); 10.10.2012 [Закон КР от 10 октября 2012 года № 170 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203770); 17.10.2011 [Закон КР от 17 октября 2011 года № 172 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об инвестиционных фондах""](https://aqlex.ai/kg/doc/203411); 11.03.2010 [Закон КР от 11 марта 2010 года № 47 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об инвестиционных фондах""](https://aqlex.ai/kg/doc/202933); 08.04.2003 [Закон КР от 8 апреля 2003 года № 67 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об инвестиционный фондах"](https://aqlex.ai/kg/doc/1191); 29.09.2000 [Закон КР от 29 сентября 2000 года №79 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/368)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/255#diff=938380..938381>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/255/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/255/edition/938374/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/255/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Инвестициялык фонддор жөнүндө, 2-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/255/st-2

---

(Абзац КР 2019-жылдын 29-мартындагы N 41 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Аффилирленген жак - башка жеке же юридикалык жак тарабынан кабыл алынуучу чечимдерге төмөнкүлөрдүн күчү менен тикелей же кыйыр таасир көрсөтө алган кандай гана болбосун жеке же юридикалык жак:

- түзүлгөн келишимдин;

- акциялардын ири пакетине (үлүшкө) ээ болуунун;

- юридикалык жактын кызмат адамы болуп саналганынын;

- жогоруда көрсөтүлгөн негиздер боюнча башка жеке же юридикалык жак жеке же юридикалык жакка карата контролду жүзөгө ашыра алганынын.

Сатып алынуучу баалуу кагаз - акционердик инвестициялык фонд же үлүштүк инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясы тарабынан чыгарылган баалуу кагаз, анын ээси бул баалуу кагазды ошол учурда бир баалуу кагазга туура келген колдо бар таза активдердин үлүшүнүн наркына барабар акчалай төлөнүүчү сумманы алып, акционердик инвестициялык фондго же үлүштүк инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясына кайрып берүүгө укугу бар. Кызмат адамы - директорлор кенешинин төрагасы. мүчөсү, инвестициялык фонддун аткаруу органынын жетекчиси жана мүчөсү, же болбосо башкаруучу компания, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коммерциялык уюмдардын ишин жөнгө салуучу кызмат адамы деп табылган адам. Инвестициялык фонддун инвестициялык активдери - инвестициялык фонд инвестицияларды ишке ашыруучу активдер. Инвестициялык активдердин курамы жана түзүмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Сатып алынбоочу баалуу кагаз - ээсинин каалоосу боюнча инвестициялык фонд тарабынан сатып алынбай турган баалуу кагаз. Инвестициялык фонддун көз карандысыз аудитору:

- ошол инвестициялык фонддун аффилирленген жагы болуп саналбаган;

- инвестициялык фонддун аффилирленген жагынын аффилирленген жагы болуп саналбаган аудитордук уюм.

Инвестициялык фонддун мүлкүн көз карандысыз баалоочу - инвестициялык фонд менен келишимдин негизинде мамлекеттик эмес мүлктү баалоону жүзөгө ашырган жеке же юридикалык жак. Жүгүртүүдөгү баалуу кагаздардын жалпы саны - сатып алынган баалуу кагаздардын жалпы санын алып салганда, инвестициялык фонддун жайгаштырылган баалуу кагаздарынын жалпы саны. Ачык инвестициялык фонд жана интервалдык фонд үчүн жүгүртүүдөгү баалуу кагаздардын жалпы саны өзгөрүп турат. Ушул Мыйзамдын 18-1-статьясынын негизинде милдеттүү тындырууга карата инвестициялык үлүштөрдү берүү учурларын кошпогондо, жабык үлүштүк инвестициялык фонд үчүн жүгүртүүдөгү баалуу кагаздардын жалпы саны туруктуу болот. Жайгаштырылган баалуу кагаз - акционердик инвестициялык фонд же үлүштүк инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясы тарабынан чыгарылып, анын ээсинин колунда турган, акционердик инвестициялык фонд же ушул баалуу кагазды чыгарган үлүштүк инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясы сатып алган баалуу кагаздан тышкаркы баалуу кагаз. Инвестициялык фонддун таза активдеринин наркы - фонддун милдеттенмелерин чыгарып таштагандан кийинки анын активинин жалпы наркы. Депозитардык иш - баалуу кагаздарга карата болгон укукту жана (же) укуктун эсебин алууга өтүшүн каттоо жана (же) ошол баалуу кагаздардын жана бүтүмдөрдү жүзөгө ашыруу үчүн арналган, ошондой эле менчик ээси же ошол баалуу кагаздардын номиналдык кармоочу менен түзүлгөн келишимдин (депозитардык келишимдин) негизинде жасалган бүтүмдөрдөн түшкөн акча каражаттарын сактоо боюнча иш. Баалуу кагаздарга карата таза активдердин наркы - инвестициялык фонддун таза активдеринин инвестициялык фонддун жайгаштырылган баалуу кагаздарынын жалпы санына карата наркы. Башкаруучу компания - башкаруучу компаниянын кардарларынын кызыкчылыктарында жана алардын эсебинен өзүнүн атынан инвестициялык активдерге ишенимдүү башкаруу боюнча ишти жүзөгө ашырган баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу. Инвестициялык фонддун иши - өзүнүн баалуу кагаздарын чыгаруу жана көпчүлүктүн алдына жайгаштыруу жана тартылган каражаттарды баалуу кагаздар менен башка инвестициялык активдерге андан ары диверсифициялап инвестиция кылуу аркылуу акча каражаттарын тартуу боюнча иш. Инвестициялык кирешелер - инвестициялык фонд тарабынан инвестициялык иштин жүрүшүндө алынган кирешелер. Пайданы капиталдаштыруу - инвестициялык фонддун акциясы түрүндөгү дивиденддерди төлөп берүү. Квалификациялуу инвестор - баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында квалификациялуу инвесторго коюлган талаптарга ылайык келген жеке же юридикалык, анын ичинде Кыргыз Республикасынын резиденти болуп саналбаган жак. Квалификациялуу инвестор акча каражаттарын инвестициялык фонддордун баалуу кагаздарына инвестициялоого багытталган кандай гана болбосун документтерге кол коюуда ушундай жак катарында өзүнүн статусун көрсөтүүгө милдеттүү. Квалификациялуу инвесторлор үчүн инвестициялык фонд - акцияларына (үлүштөрүнө) квалификациялуу инвестор гана ээлик кылуучу жабык типтеги инвестициялык фонд. Инвестициялык үлүш боюнча орто аралыктагы киреше - үлүшчүлөрдүн жалпы чогулушунун чечиминин негизинде жабык үлүштүк инвестициялык фонддун эрежелерине ылайык инвестициялык үлүш ээлерине төлөнүүчү инвестициялык үлүш боюнча киреше. Орто аралыктагы киреше жылына бир жолудан көп эмес төлөнөт. (КР 2000-жылдын 29-сентябрындагы № 79, 2003-жылдын 8-апрелиндеги № 67, , 2010-жылдын 11-мартындагы № 47, 2011-жылдын 17-октябрындагы № 172, 2012-жылдын 10-октябрындагы №170 , 2019-жылдын 29-мартындагы N 41 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/255/st-1)  
Кийинки берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/255/st-3)
