# 19-статья. Үлүштүк инвестициялык фондго катышуу

- Документ: [Инвестициялык фонддор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/255)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 26-июлундагы № 92 "Инвестициялык фонддор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 92
- Кабыл алынган күнү: 26.07.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 марта 2019 года № 41 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам деятельности инвестиционных фондов"](https://aqlex.ai/kg/doc/111886)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.03.2019 [Закон КР от 29 марта 2019 года № 41 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам деятельности инвестиционных фондов"](https://aqlex.ai/kg/doc/111886); 08.04.2003 [Закон КР от 8 апреля 2003 года № 67 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об инвестиционный фондах"](https://aqlex.ai/kg/doc/1191)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/255#diff=938380..938381>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/255/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/255/edition/938374/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/255/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Инвестициялык фонддор жөнүндө, 19-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/255/st-19

---

1. Үлүштүк инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясы менен ошол үлүштүк инвестициялык фондго акча каражаттарын же башка мүлктү берген жактардын (инвесторлордун) ортосунда мүлктү үлүштүк инвестициялык фонддун курамында ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү жөнүндө ачык оферта шарттарын инвесторлор тарабынан акцептөө жолу менен мүлктү ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү жөнүндө келишим түзүлөт. Баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталган үлүштүк инвестициялык фонддун эрежеси ушундай ачык оферта болуп саналат. Жабык үлүштүк инвестициялык фонддун эрежелеринде ушул Мыйзамга ылайык инвестициялык актив катары аныкталган кайсы болбосун активдерди ушул үлүштүк инвестициялык фондго өткөрүп берүү каралышы мүмкүн.

2. Үлүштүк инвестициялык фондду түзгөн мүлктөгү инвесторлордун үлүштөрү инвестициялык үлүштөр менен ырасталат.

3. Үлүштүк инвестициялык фонддун мүлкү инвесторлордун ишенимдүү башкарууга берилген мүлкүнөн, ошондой эле башкаруучу компания инвесторлордун каражаттарын ишенимдүү башкаруу процессинде алган мүлктөн турат.

4. Үлүштүк инвестициялык фонддун мүлкү башкаруучу компаниясынын мүлкүнөн жана ошол башкаруучу компаниясы менен башкарган башка инвестициялык фонддорду түзгөн мүлктөн өзүнчө күтүлүүгө жана эсепке алынууга тийиш.

5. Үлүштөрдүн ээлери үлүштүк инвестициялык фондду башкарууга байланыштуу келип чыккан башкаруучу компаниянын милдеттенмелери боюнча өздөрүнө таандык инвестициялык үлүштөрдүн наркынын чегинде гана жооп беришет.

Инвестициялык үлүштөрдүн ээлери үлүштүк инвестициялык фондду түзүүчү мүлктүн рыноктук наркынын өзгөргөндүгүнө байланышкан чыгымдардын тобокелдигин көтөрүшөт. (КР 2003-жылдын 8-апрелиндеги N 67, 2019-жылдын 29-мартындагы N 41 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [18-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/255/st-18-1)  
Кийинки берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/255/st-20)
