# 18-статья. Үлүштүк инвестициялык фонддорду түзүү жана каттоо

- Документ: [Инвестициялык фонддор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/255)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 26-июлундагы № 92 "Инвестициялык фонддор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 92
- Кабыл алынган күнү: 26.07.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/255/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/255/edition/938374/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/255/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Инвестициялык фонддор жөнүндө, 18-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/255/st-18

---

1. Үлүштүк инвестициялык фонд Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык юридикалык жакты түзбөстөн инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча келишимдин негизинде түзүлөт.

2. Үлүштүк инвестициялык фонд башкаруучу компания тарабынан үлүштүк инвестициялык фонддун эрежелери Баалуу кагаздардын рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталган учурдан баштап түзүлдү деп эсептелинет.

3. Үлүштүк инвестициялык фонддун эрежелерин каттоонун милдеттүү шарттары:

- башкаруучу компанияда тийиштүү лицензиянын болушу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен типтүү келишимге ылайык адистешкен депозитарий менен жана адистештирилген каттоочу, жана көз карандысыз аудитор менен келишимдер түзүү.

4. Үлүштүк инвестициялык фонддун эрежелерин каттоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жөнгө салынат.

(КР 2003-жылдын 8-апрелиндеги № 67, 2010-жылдын 11-мартындагы № 47, 2011-жылдын 17-октябрындагы № 172 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/255/st-17)  
Кийинки берене: [18-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/255/st-18-1)
