# 18-1-статья. Жабык үлүштүк инвестициялык фондду түзүүнүн жана башкаруунун өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Инвестициялык фонддор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/255)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 26-июлундагы № 92 "Инвестициялык фонддор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 92
- Кабыл алынган күнү: 26.07.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/255/st-18-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/255/edition/938374/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Инвестициялык фонддор жөнүндө, 18-1-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/255/st-18-1

---

1. Анын инвестициялык үлүштөрүн жайгаштыруу жеке сунуштоо жолу менен гана жүзөгө ашырылышы мүмкүн болгон шартта жабык үлүштүк инвестициялык фонд квалификациялуу инвесторлор үчүн гана түзүлүшү мүмкүн.

2. Жабык үлүштүк инвестициялык фонддун эрежелери инвестициялык үлүш боюнча орто аралыктагы кирешени төлөп берүүнү карашы мүмкүн, мында мындай кирешени төлөө киреше жүгүртүүдөгү бардык инвестициялык үлүштөр боюнча гана төлөнүп берилет. Орто аралыктагы кирешени төлөп берүү жабык үлүштүк инвестициялык фонддун таза активдеринин наркынын 20 пайыздан ашык төмөндөшүнө алып келбеши керек. Инвестициялык үлүш боюнча орто аралыктагы кирешени төлөп берүү жөнүндө чечим үлүшчүлөрдүн жалпы чогулушунда кабыл алынышы керек. Эгерде орто аралыктагы кирешени төлөп берүү жабык үлүштүк инвестициялык фонддун эрежесинде каралса, бирок үлүшчүлөрдүн жалпы чогулушунда мындай төлөм жөнүндө чечим кабыл алынбаса, анда төлөмдөр жүргүзүлбөйт.

3. Үлүшчүлөрдүн жалпы чогулушу - үлүштүк инвестициялык фондду башкаруунун жогорку органы, анын компетенциясына төмөнкү маселелерди чечүү кирет:

- жабык үлүштүк фонддун эрежесине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;

- орто аралыктагы кирешени төлөп берүү жана анын өлчөмүн бекитүү;

- жабык үлүштүк инвестициялык фондду мөөнөтүнөн мурда жоюу.

Жабык үлүштүк инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясы үлүшчүлөрдүн жалпы чогулушунун компетенциясына кирген маселелер боюнча чечим кабыл алуу үчүн үлүшчүлөрдүн жалпы чогулушун чакырууга жана өткөрүүгө милдеттүү. Жабык үлүштүк инвестициялык фонддун эрежесин өзгөртүү жөнүндө маселени үлүшчүлөрдүн жалпы чогулушунда кароо, милдеттүү түрдө жабык үлүштүк инвестициялык фонддун эрежелерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө каршы добуш берген үлүшчүлөрдөн инвестициялык үлүштөрдү сатып алуу талабына укуктун пайда болушуна алып келет. Үлүшчүлөрдүн жаппы чогулушун чакыруунун жана өткөрүүнүн тартиби жабык үлүштүк инвестициялык фонддун эрежелеринде каралууга жана Кыргыз Республикасынын ачык акционердик коомдору үчүн акционерлердин кезексиз жыйналыштарына карата колдонулуучу нормаларга ылайык келүүгө тийиш.

4. Башкаруучу компаниянын үлүшчүлөрдүн жалпы чогулушун чакырууга жана өткөрүүгө байланышкан чыгымдары жабык үлүштүк инвестициялык фондду түзүүчү мүлктүн эсебинен төлөнөт.

5. Эгерде жалпы чогулушка катышуу үчүн каттоо аяктаган учурга карата жайгаштырылган инвестициялык үлүштөрдүн 80 пайызынан ашыгына ээлик кылган үлүшчүлөр (алардын өкүлдөрү) катталса, үлүшчүлөрдүн жалпы чогулушу укук ченемдүү деп таанылат. Үлүшчүлөрдүн жалпы чогулушунда добуш берүү "бир үлүшчү - бир добуш" принциби боюнча жүзөгө ашырылат. Үлүшчүлөрдүн жалпы чогулушунда бардык чечимдер чогулушка катышкан үлүшчүлөрдүн жөнөкөй көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынат.

6. Жалпы чогулуштун протоколунун көчүрмөсү ал өткөрүлгөн күндөн тартып 3 жумушчу күндөн кечиктирилбестен, баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилүүгө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте ошол үлүштүк инвестициялык фонддун кайсы болбосун үлүшчүсүнүн биринчи талабы боюнча ага берилүүгө тийиш.

7. Жабык үлүштүк инвестициялык фонддун эрежелерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор, үлүшчүлөрдүн жалпы чогулушу тарабынан мындай өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду бекитүү жөнүндө чечим ал кабыл алынган күндөн тартып 10 жумушчу күндөн кечиктирилбестен, баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга каттоо үчүн берилүүгө тийиш.

(КР 2019-жылдын 29-мартындагы N 41 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/255/st-18)  
Кийинки берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/255/st-19)
