# 13-статья. Акционердик инвестициялык фонддун акциялары

- Документ: [Инвестициялык фонддор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/255)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 26-июлундагы № 92 "Инвестициялык фонддор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 92
- Кабыл алынган күнү: 26.07.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 марта 2019 года № 41 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам деятельности инвестиционных фондов"](https://aqlex.ai/kg/doc/111886)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/255#diff=938380..938381>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/255/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/255/edition/938374/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/255/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Инвестициялык фонддор жөнүндө, 13-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/255/st-13

---

1. Акционердик инвестициялык фонд өзүнүн жөнөкөй акцияларын жарыя эмиссиялоо же жекече сунуштоо (жабык жайгаштыруу) аркылуу акча каражаттарын тартат.

2. Акцияларды чыгаруу Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. Акционердик инвестициялык фонддун акциялары аларды жайгаштыруу же андан кийин сатуу учурунда (сатып алынган акциялар үчүн) акча каражаттары менен гана төлөнөт (пайданы капиталдаштыруу учурун кошпогондо) жана кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөө катары берилиши мүмкүн эмес.

(КР 2019-жылдын 29-мартындагы N 41 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [12-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/255/st-12-1)  
Кийинки берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/255/st-14)
