# 12-статья. Акционердик инвестициялык фонддун директорлор кеңеши

- Документ: [Инвестициялык фонддор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/255)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 26-июлундагы № 92 "Инвестициялык фонддор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 92
- Кабыл алынган күнү: 26.07.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 апреля 2003 года № 67 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об инвестиционный фондах"](https://aqlex.ai/kg/doc/1191)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/255#diff=938375..938376>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/255/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/255/edition/938374/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/255/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Инвестициялык фонддор жөнүндө, 12-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/255/st-12

---

1. Акционердик инвестициялык фонддун директорлор кеңеши акционерлердин чогулуштарынын ортосундагы мезгилде өз компетенциясынын чектеринде инвестициялык фондду башкарат жана аткаруу органынын жана акционердик инвестициялык фонддор менен келишимдик мамиледе болгон башка субъекттердин ишине контролдук кылат.

2. Директорлор кеңеши акционерлердин атынан инвестициялык фонддун ишине контролдук кылат.

3. Директорлор кеңеши жыл сайын акционерлерге инвестициялык фонддун иши жөнүндө көз карандысыз аудитор ырастаган толук отчетту берип турат.

4. Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн саны акционерлердин жалпы чогулушунда аныкталат, бирок бештен аз болбоого жана дайыма так санда болууга тийиш.

5. (КР 2003-жылдын 8-апрелиндеги № 67 Мыйзамына ылайык алып салынган)

6. Директорлор кеңешинин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү акционердик инвестициялык фонддун уставы менен аныкталат, бирок үч жылдан ашпоого тийиш.

7. Депозитарийдин, адистешкен каттоочунун, аудитордун жана инвестициялык фонддун мүлкүн көз карандысыз баалоочунун аткаруу органынын мүчөлөрү (башкаруучу компаниянын кызмат адамдары), кызмат адамдары инвестициялык фонддун директорлор кеңешинин курамына кире албайт.

8. Кызматтык жана экономикалык кылмышы үчүн жазык жоопкерчилигине тартылган адамдар инвестициялык фонддун директорлор кеңешинин мүчөлөрү боло албайт.

9. Инвестициялык фонддун директорлор кеңешинин компетенциясына:

- башкаруучу компания менен инвестициялык фондду башкаруу жөнүндө ички аткаруу органынын мүчөлөрүн дайындоо же келишим түзүү;

- инвестициялык фондду башкаруу жөнүндө келишимге өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө чечим кабыл алуу;

- аткаруу органынын ыйгарым укугун мөөнөтүнөн мурда токтотуу же инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясы менен келишимди мөөнөтүнөн мурда бузуу жөнүндө чечим кабыл алуу;

- аткаруу органдын мүчөлөрүнө же инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясына акы төлөөнүн тартибин жана анын өлчөмүн белгилөө;

- аткаруу органынын сунушу боюнча каттоочу, депозитарий, баалуу кагаздарды жайгаштыруу жана сатып алуу боюнча агент, мүлктү көз карандысыз баалоочу жана көз карандысыз аудитор менен келишим түзүү же бузуу;

- инвестициялык фондду башкаруу боюнча иш жүргүзүү менен байланышкан жана акционерлердин жалпы чогулушунун гана компетенциясына жана инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясынын компетенциясына кирбеген башка маселелер кирет.

10. Директорлор кеңешинин заседаниелери айына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Аларда инвестициялык фонддун аткаруу органынын иши жөнүндө маалыматы угулат жана директорлор кеңешинин компетенциясына кирген маселелер чечилет.

11. Директорлор кеңешинин заседаниесинин чечими, эгер аны жактап директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүгү добуш берсе, кабыл алынды деп эсептелет.

12. Инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясы жана анын кызмат адамдары катышкан баалуу кагаздар менен жасалган бардык бүтүмдөр жөнүндө ай сайын директорлор кеңешине маалымат берилүүгө тийиш. Мындай талап инвестициялык фонд чыгарган акциялар менен, ошондой эле инвестициялык фонддун активдеринде турган башка эмитенттердин баалуу кагаздары менен жасалган бүтүмдөргө тиешелүү болот. Директорлор кеңеши мындай бүтүмдөрдү туруктуу текшерип турат.

Директорлор кеңеши мындай бүтүмдөрдүн:

1) таламдардын каршылашуусуна алып келбей тургандыгына;

2) колдонуудагы мыйзамдарды бузбай тургандыгына;

3) инвестициялык фондду башкаруу жөнүндө келишимдин жоболорун бузбай тургандыгына;

4) инвестициялык фонддун уставын же проспектин эмиссиясын бузбай тургандыгына ынанууга тийиш.

(КР 2003-жылдын 8-апрелиндеги № 67 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/255/st-11)  
Кийинки берене: [12-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/255/st-12-1)
