12-1-статья. Акционердик инвестициялык фонддун аткаруу органы
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · II бөлүм
1. Акционердик инвестициялык фонддун аткаруу органы ушул Мыйзамда жана уставда берилген ыйгарым укуктардын чегинде акционердик инвестициялык фонддун ишине жетекчилик кылат.
2. Акционердик инвестициялык фонддун аткаруу органынын ыйгарым укуктарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же уставда аныкталган акционердик инвестициялык фонддун башка башкаруу органдарынын айрыкча компетенциясына кирбеген бардык маселелерди чечүү кирет.
3. Акционердик инвестициялык фонддун аткаруу органынын мүчөлөрү акционердик инвестициялык фонддун директорлор кеңеши тарабынан дайындалат.
4. Акционерлердин жалпы чогулушунун чечими менен акционердик инвестициялык фонддун аткаруу органынын функциялары келишим боюнча башкаруучу компанияга өткөрүлүп берилиши мүмкүн. Башкаруучу компанияны тандап алуу жана аны менен келишим түзүү акционердик инвестициялык фонддун директорлор кеңешинин компетенциясына кирет. Акционердик инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясы инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча баалуу кагаздар рыногундагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын лицензиясына ээ болууга тийиш.
5. Акционердик инвестициялык фонддун уставы фондду башкаруунун тартиби жөнүндө жоболорду камтууга тийиш.
6. Акционердик инвестициялык фонддун аткаруу органынын мүчөлөрүнө төлөмдөрдүн тартиби жана сыйакылардын өлчөмү акционердик инвестициялык фонддун директорлор кеңеши тарабынан белгиленет.
7. Жыл сайын акционерлердин чогулушун өткөрүүгө 20 календардык күн калганга чейин акционердик инвестициялык фонддун аткаруу органы бухгалтердик балансты, кирешелер жана чыгашалар жөнүндө отчетту жана башка финансылык отчетторду камтыган жылдык отчетту даярдоого жана таанышуу үчүн бул материалдардын акционерлерге жеткиликтүү болушун камсыз кылууга тийиш.
Акционердик инвестициялык фонддун аткаруу органынын жылдык отчетуна фонддун башкармасынын төрагасы же болбосо анын башкы директору же болбосо башкаруучу компаниянын жетекчиси кол коюшу керек жана жылдык отчет акционердик инвестициялык фонддун директорлор кеңешинин отурумунда каралууга жана жактырылууга тийиш (КР 2019-жылдын 29-мартындагы N 41 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
12-1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/255/st-12-1" title="12-1-статья - Инвестициялык фонддор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>