# 11-статья. Акционерлердин жалпы чогулушунун чечимдер кабыл алышынын тартиби

- Документ: [Инвестициялык фонддор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/255)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 26-июлундагы № 92 "Инвестициялык фонддор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 92
- Кабыл алынган күнү: 26.07.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 марта 2010 года № 47 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об инвестиционных фондах""](https://aqlex.ai/kg/doc/202933)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 11.03.2010 [Закон КР от 11 марта 2010 года № 47 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об инвестиционных фондах""](https://aqlex.ai/kg/doc/202933); 08.04.2003 [Закон КР от 8 апреля 2003 года № 67 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об инвестиционный фондах"](https://aqlex.ai/kg/doc/1191)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/255#diff=938377..938378>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/255/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/255/edition/938374/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/255/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Инвестициялык фонддор жөнүндө, 11-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/255/st-11

---

1. Ар бир акционер жалпы чогулушка жеке өзү же ишеним каты бар өкүлү аркылуу катышууга укуктуу.

2. Добуш берүүгө берилген ишеним кат анын ээсине акционерлердин жалпы чогулушунун күн тартибине киргизилген маселелер боюнча гана добуш берүүгө укук берүүгө тийиш.

3. Ишеним кат ички аткаруу органынын мүчөлөрүнө же инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясынын кызмат адамдарына берилбейт.

4. Ишеним кат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жол-жоболоштурулууга тийиш.

5. Директорлор кеңешин шайлоодо добуш берүүдөн тышкарыда, жалпы чогулушта добуш берүү "бир акция -бир добуш" эрежеси боюнча өткөрүлөт.

6. Инвестициялык фонддун директорлор кеңешин шайлоо кумулятивдик добуш берүү жолу менен жүргүзүлөт.

7. Ушул Мыйзамдын 9-статьясынын 1-бөлүгүнүн 1-5 жана 7-9-пункттарында көрсөтүлгөн маселелер боюнча чечим чогулушта катталган акционерлердин же алардын өкүлдөрүнүн санынын кеминде үчтөн экисинин добушу менен кабыл алынат.

Ушул Мыйзамдын 9-статьясынын 1-бөлүгүнүн 6-пунктунда көрсөтүлгөн маселелер боюнча чечим жайгаштырылган акциялардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

8. Эгерде инвестициялык фонддун акционерлеринин жалпы чогулушун өткөрүү жөнүндө маалымдаманы массалык маалымат каражаттарында жарыялоо мөөнөтү ушул Мыйзам менен белгиленген мөөнөттөн азыраак болсо же чогулушту чакыруу тууралу кабарлама (тапшырык каттар) инвестициялык фонддун акционерлерине жөнөтүлбөсө, чогулуштун чечими чогулушта бир добуштан кабыл алынган шартта гана юридикалык күчкө ээ болот.

(КР 2003-жылдын 8-апрелиндеги № 67, 2010-жылдын 11-мартындагы № 47 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/255/st-10)  
Кийинки берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/255/st-12)
