# 10-статья. Акционерлердин жалпы чогулушун чакыруунун тартиби

- Документ: [Инвестициялык фонддор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/255)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 26-июлундагы № 92 "Инвестициялык фонддор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 92
- Кабыл алынган күнү: 26.07.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 марта 2010 года № 47 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об инвестиционных фондах""](https://aqlex.ai/kg/doc/202933)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 11.03.2010 [Закон КР от 11 марта 2010 года № 47 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об инвестиционных фондах""](https://aqlex.ai/kg/doc/202933); 08.04.2003 [Закон КР от 8 апреля 2003 года № 67 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об инвестиционный фондах"](https://aqlex.ai/kg/doc/1191)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/255#diff=938377..938378>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/255/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/255/edition/938374/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/255/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Инвестициялык фонддор жөнүндө, 10-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/255/st-10

---

1. Инвестициялык фонддун акционерлеринин жалпы чогулушун өткөрүү жөнүндөгү билдирүү бардык акционерлерге буйрутма кат жөнөтүү массалык маалымат каражаттарында жарыялоо жолу менен жүргүзүлөт.

Билдирүү инвестициялык фонддун аткаруу органы жана (же) директорлор кеңеши тарабынан массалык маалымат каражаттарынын кыргыз жана орус тилдеринде чогулуш өткөрүүгө чейин кеминде 20 күн мурда жарыяланууга тийиш. Акционерлердин жылдык жалпы чогулушун өткөрүү жөнүндөгү билдирүүдө төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

- акционерлердин жылдык жалпы чогулушун өткөрүүчү жер жана убакыт;

- чогулуштун күн тартибине киргизилген маселелер так көрсөтүлгөн күн тартип;

- инвестициялык фонддун ишинин натыйжасы (таза активдердин наркы, бир акцияга туура келген таза активдердин наркы, отчеттук мезгил ичиндеги алардын өзгөрүшү);

- инвестициялык фонддун акционерлеринин жалпы чогулушунун материалдары менен акционерлерди тааныштыруу тартиби.

2. Акционерлердин кезексиз жалпы чогулушу директорлор кеңешинин чечими боюнча өткөрүлөт. Акционерлердин жалпы чогулушун өткөрүүгө төмөнкүлөр демилгечи болушу мүмкүн:

- директорлор кеңеши;

- инвестициялык фонддун аткаруу органы;

- акционердик инвестициялык фонддун чогуу алганда акцияларынын кеминде 10 пайызына ээ болгон акционерлер (акционер);

- депозитардык келишимде каралган учурда инвестициялык фонддун депозитарийи.

Акционерлердин кезексиз чогулушун өткөрүү жөнүндө билдирүүдө төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

- акционерлердин кезексиз жалпы чогулушу өткөрүлүүчү жер жана убакыт;

- чогулуштун күн тартибине киргизилген маселелер так көрсөтүлгөн акционерлердин кезексиз жалпы чогулушунун күн тартиби;

- инвестициялык фонддун акционерлеринин кезексиз жалпы чогулушунун материалдары менен акционерлерди тааныштыруу тартиби;

- кезексиз жалпы чогулушту өткөрүүнүн демилгечиси.

3. Акционерлердин жалпы чогулушу билдирүүдө көрсөтүлгөн убакытта, күн тартибин өзгөртпөстөн өткөрүлөт.

4. Акционерлердин жалпы чогулушу, эгерде ага катышуу үчүн каттоо аяктаган учурга карата инвестициялык фонддун жайгаштырылган акцияларынын 60 пайыздан ашык добушуна ээ болгон акционерлер (алардын өкүлдөрү) катталса, укуктуу деп табылат.

5. Кворум болбой калган учурда директорлор кеңеши каттоодон өткөн акционерлерге (алардын өкүлдөрүнө) ошол эле күнү акционерлердин жалпы чогулушун өткөрүүнү сунуш кылууга милдеттүү. Акционерлердин жалпы чогулушун ошол эле күнү өткөрүү жөнүндөгү чечим жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алынат. Акционерлердин жаңы жалпы чогулушун өткөрүүдө күн тартибин өзгөртүүгө жол берилбейт.

6. Инвестициялык фонддун акционерлеринин жылдык жалпы чогулушунун компетенциясына кирбеген чечимдер сырттан добуш берүү жолу менен кабыл алынышы мүмкүн. Сырттан добуш берүү жолу менен чечимдер кабыл алуунун тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.

(КР 2003-жылдын 8-апрелиндеги № 67, 2010-жылдын 11-мартындагы № 47 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/255/st-9)  
Кийинки берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/255/st-11)
