# 1-статья. Инвестициялык фонд жана венчурдук фонд түшүнүгү

- Документ: [Инвестициялык фонддор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/255)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 26-июлундагы № 92 "Инвестициялык фонддор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 92
- Кабыл алынган күнү: 26.07.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 июля 2026 года № 127 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам венчурного финансирования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050033)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 28.07.2026 [Закон КР от 28 июля 2026 года № 127 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам венчурного финансирования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050033); 29.03.2019 [Закон КР от 29 марта 2019 года № 41 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам деятельности инвестиционных фондов"](https://aqlex.ai/kg/doc/111886); 17.10.2011 [Закон КР от 17 октября 2011 года № 172 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об инвестиционных фондах""](https://aqlex.ai/kg/doc/203411); 08.04.2003 [Закон КР от 8 апреля 2003 года № 67 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об инвестиционный фондах"](https://aqlex.ai/kg/doc/1191)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/255#diff=938381..57510>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/255/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/255/edition/938374/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/255/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Инвестициялык фонддор жөнүндө, 1-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/255/st-1

---

1. Өзүнүн инвестициялык активдерин чыгаруу жана көпчүлүктүн алдына жайгаштыруу аркылуу акча каражаттарын тартуу жана тартылган акча каражаттарын кийин баалуу кагаздарга диверсифицикациялуу инвестициялоо үчүн түзүлүүчү, ушул Мыйзамда каралган жамааттык инвестициялоо түрлөрү инвестициялык фонддор болуп саналат. Ушул Мыйзамда белгиленген учурларда, инвестициялык фонддорго акча каражаттарын тартуу жеке сунуштоо аркылуу жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

2. Кыргыз Республикасында инвестициялык фонд катары акционердик инвестициялык фонддор жана үлүштүк инвестициялык фонддор иштешет.

3. Акционердик инвестициялык фонд катары:

- акцияларды ачык сатуу жолу менен жеке жана юридикалык жактардын каражаттарын тарткан;

- тартылган каражаттарды жана инвестициялык ишмердүүлүк учурунда алынган каражаттарды инвестициялык автивдерге инвестициялаган ачык акционердик коом таанылат;

- (төртүнчү абзац КР 2011-жылдын 17-октябрындагы N 172 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(Бешинчи абзац КР 2011-жылдын 17-октябрындагы N 172 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4. Ушул Мыйзамда акционердик инвестициялык фонддор деп төмөнкүлөр таанылбайт:

а) коммерциялык банктар жана башка кредиттик мекемелер;

б) камсыздандыруу уюмдары;

в) холдинг компаниялар;

г) дилерлер;

д) брокерлер;

е) депозитарийлер жана клиринг уюмдары.

Жогоруда көрсөтүлгөндөргө кошумча иретинде атайын мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынуучу акционердик коомдор акционердик инвестициялык фонддор болуп саналбайт.

5. Акционердик инвестициялык фонддор Кыргыз Республикасынын ушул Мыйзамына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык аныкталган инвестициялык фонддун ишинен айырмаланган башка ишти жүргүзүүгө, ошондой эле өз иш-аракетинин түрүн өзгөртүүгө укугу жок.

6. Ушул Мыйзамда инвестициялык пайларды көпчүлүккө сунуштоо жолу менен башкаруучу компания тарабынан ишенимдүү башкарууга берилген кардарлардан алынган инвестициялык активдеринен, ошондой эле ишенимдүү башкаруу процессинде башкаруучу компания тарабынан алынган мүлктөн турган, юридикалык жакты түзбөстөн обочолонгон мүлктүн комплекси инвестициялык пайлык фонд деп табылат. Ушул Мыйзамда белгиленген учурларда, үлүштүк инвестициялык фондго акча каражаттарын тартуу инвестициялык үлүштөрдү жеке сунуштоо аркылуу жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

7. Ушул Мыйзамда венчурдук фонд деп стартаптарга жана инновациялык компанияларга андан ары инвестициялоо үчүн квалификациялуу инвесторлордун акча каражаттарын жана башка мүлкүн тартуу жана топтоо жолу менен түзүлүүчү инвесторлордун каражаттарынын бирикмеси таанылат.

(КР 2003-жылдын 8-апрелиндеги № 67 , 2011-жылдын 17-октябрындагы № 172 , 2019-жылдын 29-мартындагы N 41, 2026-жылдын 28-июлундагы № 127 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Кийинки берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/255/st-2)
