# КР Президентинин 1998-жылдын 15-январындагы ПУ № 8 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын чыгымдардын бюджетин түзүүнүн негизги принциптери жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 1998-жылдын 15-январындагы ПУ № 8 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын чыгымдардын бюджетин түзүүнүн негизги принциптери жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 15.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.06.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/2548>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-489/edition/447815/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/2548.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.06.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 1998-жылдын 15-январындагы ПУ № 8 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын чыгымдардын бюджетин түзүүнүн негизги принциптери жөнүндө" жарлыгы (07.06.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/2548

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 1998-жылдын 15-январы ПУ № 8 Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын чыгымдардын бюджетин түзүүнүн негизги принциптери жөнүндө (КР Президентинин 2013-жылдын 7-июнундагы ПЖ № 139 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 42-статьясынын үчүнчү бөлүгүнө жана 46-статьясынын биринчи бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөгү" Мыйзамдын 40-статьясына ылайык ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы өзү жүргүзгөн акча-кредит саясатынын негизги багыттарын бир жылда эки жолу Кыргыз Республикасынын Президентинин жактыруусуна сунуш кылсын.

2. "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын чыгымдарынын бюджетин түзүүнүн негизги принциптери" бекитилсин (тиркелет).

3. (КР Президентинин 2013-жылдын 7-июнундагы ПЖ № 139 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

4. "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын чыгымдарынын бюджетин түзүүнүн негизги принциптери" жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын айлык кызмат акысын белгилөөнүн бекитилген тартиби 1988-финансы жылынан баштап жайылтылсын.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Акаев
