Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПУ № 8 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын чыгымдардын бюджетин түзүүнүн негизги принциптери жөнүндө» жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 1998-жылдын 15-январы ПУ № 8 Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын чыгымдардын бюджетин түзүүнүн негизги принциптери жөнүндө (КР Президентинин 2013-жылдын 7-июнундагы ПЖ № 139 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 42-статьясынын үчүнчү бөлүгүнө жана 46-статьясынын биринчи бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөгү" Мыйзамдын 40-статьясына ылайык ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы өзү жүргүзгөн акча-кредит саясатынын негизги багыттарын бир жылда эки жолу Кыргыз Республикасынын Президентинин жактыруусуна сунуш кылсын.
2. "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын чыгымдарынын бюджетин түзүүнүн негизги принциптери" бекитилсин (тиркелет).
3. (КР Президентинин 2013-жылдын 7-июнундагы ПЖ № 139 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
4. "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын чыгымдарынын бюджетин түзүүнүн негизги принциптери" жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын айлык кызмат акысын белгилөөнүн бекитилген тартиби 1988-финансы жылынан баштап жайылтылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Акаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Улуттук Банктын чыгымдарынын бюджетин түзүүнүн негизги принциптери (КР Президентинин 1998-жылдын 15-январындагы №8 Указы менен бекитилген)Основные принципы · 15.01.1998 · № 8
- КР Президентинин 2013-жылдын 7-июнундагы ПЖ № 139 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" жарлыгыУказ · 07.06.2013 · № 139
Шилтеме берет (3)
- КР Президентинин 2013-жылдын 7-июнундагы ПЖ № 139 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" жарлыгыУказ · 07.06.2013 · № 139
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 59 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон