# 9-статья. Тарыхый маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын бийлик укугу

- Документ: [Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/254)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 26-июлундагы № 91 "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 91
- Кабыл алынган күнү: 26.07.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 13 ноября 2014 года № 151 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об охране и использовании историко-культурного наследия"](https://aqlex.ai/kg/doc/205372)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 13.11.2014 [Закон КР от 13 ноября 2014 года № 151 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об охране и использовании историко-культурного наследия"](https://aqlex.ai/kg/doc/205372); 25.07.2012 [Закон КР от 25 июля 2012 года № 143 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "Об охране и использовании историко-культурного наследия"](https://aqlex.ai/kg/doc/203743); 13.02.2006 [Закон КР от 13 февраля 2006 года №38 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "Об охране и использовании историко-культурного наследия"](https://aqlex.ai/kg/doc/1826)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/254#diff=1024650..1024651>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/254/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-240/edition/1024647/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/254/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө, 9-статья (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/254/st-9

---

Тарыхый маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы:

- тарых жана маданият эстеликтерди коргоо, сактоо жана пайдалануу боюнча мамлекеттик программаларды иштеп чыгат жана мамлекеттик саясатты түзүүгө жана ишке ашырууга катышат;

- жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилери менен макулдашуу боюнча тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу боюнча жергиликтүү органдардын жетекчилерин дайындайт;

- тарых жана маданият эстеликтеринин тигил же бул түрлөрүн коргоо бийлик укугуна кирген, ыйгарым укук берилген башка мамлекеттик органдардын иштерин жөндөштүрөт жана контролдойт;

- тарыхый-маданий мурас объекттерин пайдалануунун жана күтүүнүн тартибин, тарыхый-маданий мурас объекттерин консервациялоо, реставрациялоо, оңдоо, музейлештирүү жана регенерациялоо боюнча иштердин аткарылышын мамлекеттик көзөмөлдөөнү төмөнкүдөй текшерүүлөр түрүндө жүзөгө ашырат:

пландуу - мурдатан пландаштырылган жана жылына бир жолудан ашык эмес жүргүзүлүүчү; пландан тышкаркы - тарыхый-маданий мурас объекттерине бузулуу же жок болуу коркунучу болгон учурда дайындалуучу;

- Кыргыз Республиканын аймагына жайгашкан тарых жана маданият эстеликтерин табуу, эсебин алуу, коргоо жана пайдалануу эрежелерин сактоону камсыз кылат;

- зарыл болгон учурда башка кызыкдар уюмдардын макулдугу боюнча тарых жана маданият эстеликтерине байланышкан жаратылыш эстеликтерин жана айлана-чөйрөнүн башка объекттерин коргоону жана пайдаланууну ишке ашырат;

- бардык категориядагы эстеликтердин сакталышына коркунуч түзгөн ишти токтотот же ага тыюу салат;

- маданий баалуулуктарды чыгарып кетүү жана алып кирүү маселелерин жөнгө салат;

- эл аралык жана республикалык маанидеги тарыхый-маданий мурас объекттерин каржылоонун, эсепке алуунун, издеп табуунун, изилдөөнүн, күтүүнүн, консервациялоонун, реставрациялоонун, регенерациялоонун, музейлештирүүнүн, пропагандалоонун тартибин белгилейт;

- укук бузуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарына өз убагында маалымдайт жана тарых жана маданият эстеликтерин коргоо, сактоо жана пайдалануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын нормаларын бузган кызмат адамдарын, ишканаларды, мекемелерди, коомдук бирикмелерди, уюмдарды жана жарандарды жоопкерчиликке тартуу жөнүндө өтүнүч билдирет;".

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшыруусу боюнча тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жагында өкмөттөр аралык келишимдерди түзөт жана ведомстволор аралык жана өкмөттөр аралык конвенцияларга кошулат;

- (15-абзац КР 2014-жылдын 13-ноябрындагы № 151 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2006-жылдын 13-февралындагы № 38, 2012-жылдын 25-июлундагы № 143, 2014-жылдын 13-ноябрындагы № 151 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/254/st-8)  
Кийинки берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/254/st-10)
