# 7-статья. Тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоо, сактоо жана пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын бийлик укугу

- Документ: [Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/254)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 26-июлундагы № 91 "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 91
- Кабыл алынган күнү: 26.07.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 13 ноября 2014 года № 151 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об охране и использовании историко-культурного наследия"](https://aqlex.ai/kg/doc/205372)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/254#diff=1024650..1024651>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/254/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-240/edition/1024647/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/254/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө, 7-статья (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/254/st-7

---

Кыргыз Республикасы тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын атынан өз аймагында жайгашкан тарых жана маданият эстеликтерин коргоо жана пайдалануу боюнча толук бийликке ээ болот. Кыргыз Республикасынын менчиги болуп эсептелген, бирок башка мамлекеттердин аймагында жайгашкан эстеликтер да корголууга, сакталууга жана пайдаланылууга тийиш. Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан, бирок башка мамлекеттердин, чет өлкөлүк юридикалык жактардын жана жарандардын менчиги болуп эсептелген эстеликтерди сактоо жана пайдалануу эл аралык келишимдерге ылайык белгиленет. Кыргыз Республикасы кыргыз элинин жана Кыргыз Республикасында жашаган элдердин тарыхый-маданий кенчи катары таанылган, республиканын чегинен тышкарыда болгон маданий дөөлөттөрдү табуу, эсепке алууну уюштуруу, сактоо жана тарыхый мекенине кайтаруу боюнча чара көрөт. (КР 2014-жылдын 13-ноябрындагы № 151 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/254/st-6)  
Кийинки берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/254/st-8)
