# 5-статья. Тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоо жана пайдалануу

- Документ: [Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/254)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 26-июлундагы № 91 "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 91
- Кабыл алынган күнү: 26.07.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/254/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-240/edition/1024647/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/254/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө, 5-статья (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/254/st-5

---

Тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоо, сактоо жана пайдалануу:

- тарыхый-маданий мурастарды табууга, изилдөөгө, алардын эсебин алууга жана аларды пропагандалоого;

- тарыхый-маданий дөөлөттөргө тарых жана маданият эстеликтеринин статусун берүүгө;

- эстеликтерди талкалоодон, вандализм актыларынан, бурмалоолордон, мистификациядан, бузуулардан, негизсиз өзгөртүүлөр киргизүүдөн, тарыхый мааниден чыгаруудан коргоону камсыз кылууга;

- эстеликтерди консервациялоо, реставрациялоо, регенерациялоо жана көчүрмө басуу жолу менен сактоого жана кайра жаратууга;

- эстеликтерди алардын толук түрдө сакталышын камсыз кылуучу ченемдерге ылайык күтүүгө;

- эстеликтерди этностук-маданият чөйрөсүн кайра жаратуу процессинде, ошондой эле илимий, тарбиялык жана туристтик максаттарда пайдаланууга багытталган чараларды камтыйт.

Каралган иш-чаралар тутуму түрүнө, сакталышынын деңгээлине жана алар кимдин менчигинде тургандыгына карабай, эстеликтер катары таанылган, Кыргыз Республикасынын бардык тарыхый-маданий дөөлөттөрүнө таралат.

---

Мурунку берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/254/st-4)  
Кийинки берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/254/st-6)
