# 41-статья. Тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоо, сактоо жана пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен эл аралык мамилелери

- Документ: [Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/254)
- Документтеги орду: VII бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 26-июлундагы № 91 "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 91
- Кабыл алынган күнү: 26.07.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 13 ноября 2014 года № 151 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об охране и использовании историко-культурного наследия"](https://aqlex.ai/kg/doc/205372)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/254#diff=1024650..1024651>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/254/st-41>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-240/edition/1024647/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/254/st-41.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө, 41-статья (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/254/st-41

---

Кыргыз Республикасы тиешелүү мамлекеттик органдар жана алардын структуралары аркылуу:

- аны кийин ратификациялоо менен, Кыргыз Республикасынын Бүткүл дүйнөлүк мурас жөнүндө конвенцияга кошулушунун зарылдыгы жөнүндө маселени даярдоону жана кароону;

- тажрыйба, маалымат алмашуу жана Бүткүл дүйнөлүк мурас фондусунун ресурстарынан жардам жана каражаттар алуу максатында Бириккен Улуттар Уюмунун бүткүл дүйнөлүк мурастарды сактоо чөйрөсүндөгү бөлүмдөрү менен кызматташууну;

- бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизүү үчүн тарыхый-маданий жана табигый баалуулуктарды тандап алуу боюнча алдын ала иш жүргүзүүнү жана техникалык кызматташтыкка арыз берүүнү;

- таануу жана бүткүл дүйнөлүк мурас тизмесине киргизүү үчүн жок болуп кетүү коркунучу алдында турган тарыхый-маданий мурас объекттеринин тизмесин жыл сайын түзүүнү жана акы берүүнү;

- республиканын чегинен тышка мыйзамсыз алынып кеткен тарыхый-маданий баалуулуктарды эл аралык келишимдерге ылайык кайта алып келүүнү жүзөгө ашырат.

(КР 2014-жылдын 13-ноябрындагы № 151 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [40-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/254/st-40)  
Кийинки берене: [42-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/254/st-42)
