# 391-статья. Тарыхый-маданий мурас объекттерине же аны коргоо чөлкөмүнө келтирилген зыяндын компенсациясы

- Документ: [Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/254)
- Документтеги орду: VI бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 26-июлундагы № 91 "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 91
- Кабыл алынган күнү: 26.07.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 17 августа 2020 года № 134 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об охране и использовании историко-культурного наследия", "О телевидении и радиовещании")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112139)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/254#diff=1024654..1024655>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/254/st-391>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-240/edition/1024647/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/254/st-391.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө, 391-статья (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/254/st-391

---

Тарыхый-маданий мурас объектине же аны коргоо чөлкөмүнө зыян келтирген юридикалык жана жеке жактар объектти же анын коргоо чөлкөмүн калыбына келтирүүгө, ал эми андай кылууга мүмкүн болбогондо келтирилген зыяндын ордун Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык толтурууга милдеттүү. Объектти же анын коргоо чөлкөмүн калыбына келтирүү тарыхый-маданий мурас объекттерин реставрациялоонун белгиленген тартибин сактоо менен жүзөгө ашырылат. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн зыяндардын ордун толтурууга байланыштуу ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин чыгым тартышына күнөөлүү болгон кызмат адамдары жана башка кызматкерлер Кыргыз Республикасынын эмгек жана жарандык мыйзамдарында каралган тартипте материалдык жоопкерчилик тартышат. Келтирилген зыяндардын ордун толтуруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жазык жоопкерчилигинен бошотпойт. (КР 2020-жылдын 17-августундагы № 134 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [39-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/254/st-39)  
Кийинки берене: [40-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/254/st-40)
