# 36-статья. Тарыхый-маданий мурас объекттерин бузууга, жылдырууга, өзгөртүүгө тыюу салуу

- Документ: [Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/254)
- Документтеги орду: V бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 26-июлундагы № 91 "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 91
- Кабыл алынган күнү: 26.07.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 июля 2012 года № 143 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "Об охране и использовании историко-культурного наследия"](https://aqlex.ai/kg/doc/203743)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/254#diff=1024648..1024649>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/254/st-36>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-240/edition/1024647/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/254/st-36.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө, 36-статья (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/254/st-36

---

Тарыхый-маданий мурас объекттерин бузууга, жылдырууга, кайра курууга, өзгөртүүгө табигый кырсыктын натыйжасында эстелик капысынан бузулганда жана объекттин тарыхый, илимий, көркөм жана башка түрдөгү дөөлөтүнө коркунуч келтирилгенде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен гана жол берилет. Археологиялык эстеликтерди "бузуу" менен казууда гана жогорудагыларга жол берилиши мүмкүн. Эстеликти жылдырууга, кайра курууга же өзгөртүүгө уруксат алган юридикалык жана жеке жактар аны коргоонун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган бардык шарттарын сактоого милдеттүү, ал эми эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик орган илимий изилдөөлөрдүн зарыл комплексин камсыз кылууга милдеттүү. Чарбалык жумуштардын жана илимий изилдөөлөрдүн бардык түрлөрүн каржылоо эстеликти жылдырууга, кайра курууга же өзгөртүүгө уруксат алган юридикалык жана жеке жактардын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт. Жок болуп кеткен тарыхый-маданий мурас объектисин кайрадан калыбына келтирүү өзгөчө учурларда - тарыхый, илимий, көркөм, шаар куруу же башка коомдук өзгөчө баалуулук болгондо реставрациялык усулдар менен жүзөгө ашырылат. Жок болуп кеткен тарыхый-маданий мурас объектисин мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен кайра калыбына келтирүү жөнүндө чечим тарыхый-маданий экспертизанын корутундусунун негизинде, эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдын сунуштамасы боюнча кызыкдар адамдардын жана уюмдардын пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынат. (КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 143 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [35-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/254/st-35)  
Кийинки берене: [37-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/254/st-37)
