36-статья. Тарыхый-маданий мурас объекттерин бузууга, жылдырууга, өзгөртүүгө тыюу салуу
Күчүндө · 31.07.2025 редакциясы · V бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 25 июля 2012 года № 143
Тарыхый-маданий мурас объекттерин бузууга, жылдырууга, кайра курууга, өзгөртүүгө табигый кырсыктын натыйжасында эстелик капысынан бузулганда жана объекттин тарыхый, илимий, көркөм жана башка түрдөгү дөөлөтүнө коркунуч келтирилгенде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен гана жол берилет. Археологиялык эстеликтерди "бузуу" менен казууда гана жогорудагыларга жол берилиши мүмкүн. Эстеликти жылдырууга, кайра курууга же өзгөртүүгө уруксат алган юридикалык жана жеке жактар аны коргоонун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган бардык шарттарын сактоого милдеттүү, ал эми эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик орган илимий изилдөөлөрдүн зарыл комплексин камсыз кылууга милдеттүү. Чарбалык жумуштардын жана илимий изилдөөлөрдүн бардык түрлөрүн каржылоо эстеликти жылдырууга, кайра курууга же өзгөртүүгө уруксат алган юридикалык жана жеке жактардын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт. Жок болуп кеткен тарыхый-маданий мурас объектисин кайрадан калыбына келтирүү өзгөчө учурларда - тарыхый, илимий, көркөм, шаар куруу же башка коомдук өзгөчө баалуулук болгондо реставрациялык усулдар менен жүзөгө ашырылат. Жок болуп кеткен тарыхый-маданий мурас объектисин мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен кайра калыбына келтирүү жөнүндө чечим тарыхый-маданий экспертизанын корутундусунун негизинде, эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдын сунуштамасы боюнча кызыкдар адамдардын жана уюмдардын пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынат. (КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 143 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 31.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
36-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (9)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 2-сентябры № 466 "Ак-Кула" атмайданынын имаратынын республикалык маанидеги тарыхый жана маданий эстелик статусун жоготту деп таануу…Постановление · 02.09.2020 · № 466
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-январындагы № 13-т (Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мекемелер жайгашкан…Распоряжение · 11.01.2025 · № 13-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 216 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-августундагы № 568 "Кыргыз Республикасынын…Постановление · 25.04.2023 · № 216
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-сентябрындагы № 668 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-августундагы № 568 "Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттерин…Постановление · 29.09.2015 · № 668
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3-июлундагы № 459 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-августундагы № 568 «Кыргыз Республикасынын…Постановление · 03.07.2026 · № 459
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 348 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-августундагы № 568 "Кыргыз Республикасынын…Постановление · 12.07.2023 · № 348
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 180 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-январындагы № 9 "Кыргыз…Постановление · 12.04.2024 · № 180
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-майындагы № 244 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-августундагы № 568 "Кыргыз Республикасынын…Постановление · 15.05.2024 · № 244
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-апрелиндеги № 171 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-августундагы № 568 "Кыргыз Республикасынын…Постановление · 02.04.2025 · № 171
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/254/st-36" title="36-статья - Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>