34-статья. Тарыхый-маданий мурас объекттерин реставрациялоонун, консервациялоонун, регенерациялоонун жана оңдоонун тартиби
Күчүндө · 31.07.2025 редакциясы · V бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 25 июля 2012 года № 143
Тарыхый-маданий мурас объекттерин реставрациялоо, консервациялоо, регенерациялоо жана оңдоо эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдын урукстаы менен гана жүзөгө ашырылат. Тарыхый-маданий мурас объекттерин реставрациялоо, консервациялоо, регенерациялоо жана оңдоо ушул Мыйзамдын 20-статьясында аныкталган каржылоо булактарынын эсебинен, ошондой эле эстеликтерди пайдалануучулардын же алардын менчик ээлеринин эсебинен жүзөгө ашырылат. Тарыхый-маданий мурас объектисин сактоо боюнча жумуштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. Тарыхый-маданий мурас объектисин сактоо боюнча жумуштарды жүргүзүүгө долбоордук документтерди иштеп чыгууну жүргүзүп жаткан жеке жана юридикалык жактар ушул объектте илимий жетекчиликти, техникалык жана автордук көзөмөлдү жүзөгө ашырат. Тарыхый-маданий мурас объектисин сактоо боюнча жумуштар аткарылгандан кийин, илимий жетекчиликти жүзөгө ашырган жеке жана юридикалык жактар аткарылган иштер жөнүндө илимий отчетту кошуп алганда, отчеттук документтерди эстеликтерди сактоо боюнча мамлекеттик органга үч айлык мөөнөттө өткөрүп беришет. (КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 143 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 31.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
34-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/254/st-34" title="34-статья - Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>