# 33-статья. Археология эстеликтерин чалгындоону жана казууну жүргүзүүнүн тартиби

- Документ: [Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/254)
- Документтеги орду: V бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 26-июлундагы № 91 "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 91
- Кабыл алынган күнү: 26.07.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 175 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об охране и использовании историко-культурного наследия"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030452)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 31.07.2025 [Закон КР от 31 июля 2025 года № 175 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об охране и использовании историко-культурного наследия"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030452); 20.03.2015 [Закон КР от 20 марта 2015 года № 65 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об охране и использовании историко-культурного наследия"](https://aqlex.ai/kg/doc/12252); 25.07.2012 [Закон КР от 25 июля 2012 года № 143 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "Об охране и использовании историко-культурного наследия"](https://aqlex.ai/kg/doc/203743); 13.02.2006 [Закон КР от 13 февраля 2006 года №38 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "Об охране и использовании историко-культурного наследия"](https://aqlex.ai/kg/doc/1826)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/254#diff=1024655..36071>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/254/st-33>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-240/edition/1024647/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/254/st-33.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө, 33-статья (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/254/st-33

---

Археологиялык эстеликтерди, анын ичинде суу алдындагы эстеликтерди чалгындоого, казууга жана башка изилдөөлөрдү жүргүзүүгө атайын уруксат - Ачык барак болгондо гана жол берилет, ал маданият жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгилүү түрдөгү иштерди бир жылдан ашык эмес жүргүзүү укугуна берилет жана эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик орган тарабынан катталат. Ачык барактарды алган адистер аларды мамлекеттик органдарда же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында каттоого жана изилдөөнүн мөөнөтү аяктагандан кийин отчет менен бирге аларды берген органга кайтарып берүүгө милдеттүү. Археологиялык изилдөө жүргүзүүнүн жана Ачык баракты берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет. Андан ары сактоону жана пайдаланууну талап кылуучу объектилердеги археологиялык казуулар үчүн Ачык барак археологиялык изилдөөлөр-консервациялоо, калыбына келтирүү жана музейлештирүүнү аяктагандан кийин эларалык стандарттарга ылайык коргоо чараларынын толук комплексин жүргүзүү үчүн финансы кепилдиги болгон учурда гана каттоого алынат. Археологиялык иштерди, анын ичинде суу астындагы иштерди өз алдынча жүргүзүү, ошондой эле атайын техникалык каражаттар болуп саналган металл издөөчүлөрдү, металл детекторлорду, радарларды жана магнит приборлорун тарыхый-маданий мурас объекттерин издөө үчүн жеке жана юридикалык жактар тарабынан атайын уруксатсыз (ачык бараксыз) пайдаланууга тыюу салынат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет. Археологиялык талаа жумуштарын жүргүзгөн жеке жана юридикалык жактар жумуштар аткарылган күндөн тартып үч жылдын ичинде (материалдар иштеп чыгылгандан жана жарыялоого даярдалгандан кийин) табылган маданий баалуулуктарды туруктуу сактоого Кыргыз Республикасынын мамлекеттик музей фондуна өткөрүп берүүгө милдеттүү. Музей фондуна өткөрүп бергенге чейин алардын сакталышы үчүн жоопкерчиликти археологиялык талаа жумуштарын жүргүзгөн жеке жана юридикалык жактар тартат. Археологиялык казуулардын натыйжасында алынган материалдык маданияттын буюм-тайымдарын эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдын уруксатсыз Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары алып кетүүгө тыюу салынат. (КР 2006-жылдын 13-февралындагы № 38 , 2012-жылдын 25-июлундагы № 143, 2015-жылдын 20-мартындагы № 65, 2025-жылдын 31-июлундагы № 175 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [32-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/254/st-32)  
Кийинки берене: [34-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/254/st-34)
