# 32-статья. Чарбалык жумуштарды жүргүзүүдө жана аймактарды өздөштүрүүдө тарыхый-маданий мурас объекттеринин сакталышын камсыз кылуу

- Документ: [Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/254)
- Документтеги орду: V бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 26-июлундагы № 91 "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 91
- Кабыл алынган күнү: 26.07.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 175 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об охране и использовании историко-культурного наследия"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030452)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/254#diff=1024655..36071>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/254/st-32>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-240/edition/1024647/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/254/st-32.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө, 32-статья (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/254/st-32

---

Маданият жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарыхый-маданий мурас объекттеринин табылуу потенциалы жогору болгон аймактардын тизмегин (мындан ары - Тизмек) бекитет. Эгерде ээликтен ажыратылуучу аймак ушул Тизмекке киргизилсе, маданият жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган археологиялык изилдөө жөнүндө (мындай объекттердин бар же жок экендиги жөнүндө) корутундуну макулдашат. Эгерде ээликтен ажыратылыш жаткан аймак ушул статьянын биринчи бөлүгүнө ылайык Тизмекке киргизилген болсо, суунун капташына же ландшафттын олуттуу өзгөрүшүнө алып келүүчү курулуш, жол жумуштарын же дың жерлерди өздөштүрүүнү, карьерлерди иштетүүнү же плотиналарды курууну жүргүзүүчү уюмдар инженердик-изилдөө иштеримин баскычында жана жерди которууда (трансформациялоодо) бул аймакта тарыхый-маданий мурас объекттеринин бар же жок экендигине археологиялык изилдөө жүргүзүүгө милдеттүү. Археологиялык изилдөө ушул Мыйзамдын 33-статьясына ылайык белгиленген тартипте ушул статьяда көрсөтүлгөн жумуштарды аткаруучу тапшырыкчылардын эсебинен жүргүзүлөт. Чарбалык жумуштардын процессинде тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоого коркунуч туулса же аларды коргоо эрежелери бузулса, бул жумуштар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте токтотулушу же болбосо тыюу салынышы мүмкүн. (КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 175 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [31-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/254/st-31)  
Кийинки берене: [33-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/254/st-33)
