# 29-статья. Юридикалык жана жеке жактарга тарыхый-маданий мурас объекттерин пайдаланууга берүү тартиби

- Документ: [Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/254)
- Документтеги орду: V бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 26-июлундагы № 91 "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 91
- Кабыл алынган күнү: 26.07.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 июля 2012 года № 143 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "Об охране и использовании историко-культурного наследия"](https://aqlex.ai/kg/doc/203743)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/254#diff=1024648..1024649>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/254/st-29>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-240/edition/1024647/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/254/st-29.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө, 29-статья (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/254/st-29

---

Тарыхый-маданий мурас объекттерин юридикалык жана жеке жактарга 5 жылдык мөөнөткө пайдаланууга берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Мыйзамда аныкталган тартипте эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдын чечими боюнча ишке ашырылат. Тарых жана маданият эстеликтери болгон архитектуралык курулуштар же алардын бөлүктөрү юридикалык жана жеке жактардын пайдалануусуна, эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик орган менен алдын-ала макулдаштык боюнча мамлекеттик органдар же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими менен берилет. Юридикалык жана жеке жактар тарых жана маданият эстеликтерин пайдалануучу статусун жазуу түрүндө келишим түзүлгөндөн кийин алат, бул келишимде пайдалануучу башкалардан тышкары, эстеликтерди коргоо жана пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Мыйзамда каралган бардык милдеттерди өзүнө алат. (КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 143 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [28-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/254/st-28)  
Кийинки берене: [30-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/254/st-30)
