# 28-статья. Тарыхый-маданий мурас объекттерин пайдалануу чөйрөсү

- Документ: [Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/254)
- Документтеги орду: V бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 26-июлундагы № 91 "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 91
- Кабыл алынган күнү: 26.07.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/254/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-240/edition/1024647/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/254/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө, 28-статья (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/254/st-28

---

Тарыхый-маданий мурас объекттери Кыргыз Республикасындагы элдерди рухий жана маданий жактан өнүктүрүү максатында, ошондой эле илимий, окутуу, тарбиялык, туристтик жана экскурсиялык максаттарда пайдаланылат. Тарыхый-маданий мурас объекттерин башка максаттарда пайдаланууга эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдын уруксаты менен гана жол берилет. Шаар курулушунун, искусство эстеликтерин, шаардын жана башка калктуу конуштардын тарыхый борборлорун пайдалануу эрежелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү, аларды коргоо чөлкөмдөрүнүн долбоорлорунда аныкталат.

---

Мурунку берене: [27-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/254/st-27)  
Кийинки берене: [29-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/254/st-29)
