# 22-статья. Тарыхый-маданий мурас объекттеринин тизмесин бекитүүнүн тартиби

- Документ: [Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/254)
- Документтеги орду: IV бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 26-июлундагы № 91 "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 91
- Кабыл алынган күнү: 26.07.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 13 ноября 2014 года № 151 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об охране и использовании историко-культурного наследия"](https://aqlex.ai/kg/doc/205372)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 13.11.2014 [Закон КР от 13 ноября 2014 года № 151 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об охране и использовании историко-культурного наследия"](https://aqlex.ai/kg/doc/205372); 25.07.2012 [Закон КР от 25 июля 2012 года № 143 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "Об охране и использовании историко-культурного наследия"](https://aqlex.ai/kg/doc/203743)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/254#diff=1024650..1024651>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/254/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-240/edition/1024647/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/254/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө, 22-статья (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/254/st-22

---

Эсепке алууну жана коргоону натыйжалуу уюштуруу максатында эстеликтер эл аралык, республикалык жана жергиликтүү маанидеги эстеликтерге бөлүнөт. Бүткүл дүйнөлүк мурас тизмесине киргизүү үчүн көрсөтүлгөн эстеликтердин тизмеси белгиленген тартипте компетенттүү илимий экспертизадан өткөндөн кийин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Бириккен Улуттар Уюмунун бүткүл дүйнөлүк мурастарды сактоо чөйрөсүндөгү бөлүмдөрүнө жана башка эл аралык уюмдарга сунуш кылынат. Эл аралык маанидеги тарых жана маданият эстеликтеринин тизмеси тарыхый-маданий мурастарды коргоо чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик орган тарабынан түзүлөт. Республикалык маанидеги тарых жана маданият эстеликтеринин тизмесин эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет. Караңыз: Кыргыз Республикасынын республикалык маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтеринин мамлекеттик тизмеси (КР Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-августундагы № 568 токтому менен бекитилген) Жергиликтүү маанидеги тарых жана маданият эстеликтеринин тизмесин эстеликтерди коргоо боюнча аймактык органдардын эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик орган менен макулдашылган сунушу боюнча мамлекеттик органдар же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бекитет (КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 143, 2014-жылдын 13-ноябрындагы № 151 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/254/st-21)  
Кийинки берене: [23-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/254/st-23)
