# 19-статья. Чарбасыздык мамилеге дуушар болгон же максатка ылайык пайдаланылбаган тарыхый-маданий мурас объекттерин алып коюу жөнүндө

- Документ: [Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/254)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 26-июлундагы № 91 "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 91
- Кабыл алынган күнү: 26.07.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 13 ноября 2014 года № 151 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об охране и использовании историко-культурного наследия"](https://aqlex.ai/kg/doc/205372)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 13.11.2014 [Закон КР от 13 ноября 2014 года № 151 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об охране и использовании историко-культурного наследия"](https://aqlex.ai/kg/doc/205372); 25.07.2012 [Закон КР от 25 июля 2012 года № 143 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "Об охране и использовании историко-культурного наследия"](https://aqlex.ai/kg/doc/203743)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/254#diff=1024650..1024651>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/254/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-240/edition/1024647/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/254/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө, 19-статья (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/254/st-19

---

Эгерде юридикалык же жеке жак коом үчүн тарыхый, көркөмдүк же башка баалуулуктарга ээ болгон өзүнө таандык мүлккө карата талапка ылайык эмес мамиле жасаса, бул мүлккө зыян келтирүүгө алып келсе, мындай мүлктү коргоо милдеттерине кирген мамлекеттик органдар же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менчик ээсине мүлккө карата мындай мамилени токтотуу жөнүндө эскертет. Эгерде менчик ээси бул талапты аткарбаса, тиешелүү уюмдун доосу боюнча сот бул мүлктү алып кое алат, ал мүлк мамлекеттин менчигине өтөт. Юридикалык же жеке жакка алынып коюлган мүлктүн наркы макулдашууда белгиленген, ал эми талаш-тартыш болсо, сот тарабынан белгиленген өлчөмдө төлөнүп берилет. Кечиктирилгис зарыл абал түзүлгөн учурда көрсөтүлгөн мүлктү алып коюу тууралу доо алдын ала эскертүүсүз коюлушу мүмкүн. (КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 143, 2014-жылдын 13-ноябрындагы № 151 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/254/st-18)  
Кийинки берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/254/st-20)
