# 18-статья. Тарыхый-маданий эстеликтерине менчик укуктарын алуудагы артыкчылыктар

- Документ: [Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/254)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 26-июлундагы № 91 "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 91
- Кабыл алынган күнү: 26.07.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/254/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-240/edition/1024647/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/254/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө, 18-статья (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/254/st-18

---

Жеке менчиктеги эстеликти сатууда, аны базар баасында (аукциондо) менчиктеп сатып алууга мамлекетке артыкчылыктуу укук берилет. Өздөрүнүн жалпы үлүштүк менчигинде турган эстеликтин бөлүктөрүнүн менчик ээлери, ошол эстеликтин башка бөлүктөрүн сатып алууда артыкчылыктуу укукка ээ. Эстеликтин бөлүктөрүнүн менчик ээлери аларга тийиштүү үлүштү сатып алуудан баш тарткан учурда мамлекет артыкчылыктуу укукка ээ. Мамлекет эстеликтерге менчик укугун алуудагы өзүнүн артыкчылыктарын эстеликтерди мамлекеттин менчигине өткөрүп берүү үчүн сатып алган юридикалык жактарга жана жеке жактарга, алар тарабынан жазуу түрүндө тийиштүү милдеттенмелер жана кепилдиктер берилген учурда өткөрүп берет.

---

Мурунку берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/254/st-17)  
Кийинки берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/254/st-19)
