# 16-статья. Менчик ээлеринин милдеттери

- Документ: [Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/254)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 26-июлундагы № 91 "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 91
- Кабыл алынган күнү: 26.07.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/254/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-240/edition/1024647/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/254/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө, 16-статья (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/254/st-16

---

Тарыхый-маданий мурас объекттеринин менчик ээлери эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдардан белгиленген үлгүдөгү тиешелүү коргоо документин алууга милдеттүү. Коргоо документинде менчик ээсин төмөнкүдөй: эстеликтердин толук сакталышын камсыз кылуу; эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдарда эстеликтерди каттоо: кыймылсыздарды - турган жерлери боюнча, кыймылдууларды - менчик ээсинин жашаган жери боюнча каттоо; эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдарга: менчик укуктарындагы болжолдонгон өзгөрүүлөр жөнүндө; эстеликтердин турган жеринин, аларды күтүүнүн жана пайдалануунун шарттарындагы болжолдонгон же болуп өткөн өзгөрүүлөр жөнүндө; эстеликтерди оңдоо, консервациялоо, реставрациялоо, регенерациялоо боюнча жумуштар жөнүндө; эстеликтердин абалынын күтүүсүздөн начарлап кетиши жөнүндө өз убагында кабарлоо; эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдар менен түзүлгөн коргоочу документтерине толуктоолор болуп эсептелген атайын келишимдерде белгиленген тартипте жана чектерде эстеликтерди илимий, маданий жана башка жактардан изилдөөлөрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыздоо милдеттенмелери сөзсүз көрсөтүлүүгө тийиш. Коргоо документтеринде жогоруда көрсөтүлгөн сөзсүз түрдөгү милдеттенмелерден тышкары эстеликтердин бөтөнчөлүгүнө жана өзгөчөлүктөрүнө ылайык колдонулуучу атайын милдеттенмелер камтылат.

---

Мурунку берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/254/st-15)  
Кийинки берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/254/st-17)
