14-статья. Тарыхый-маданий мурас объекттерине карата мамлекеттик менчик
Күчүндө · 31.07.2025 редакциясы · II бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 13 января 2014 года № 10
Ушул Мыйзамдын 13-статьясында каралган учурлардан тышкарыда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте эстелик катары таанылган тарыхый-маданий объекттер Кыргыз Республикасынын гана менчиги болуп эсептелет. Кыргыз Республикасынын аймагында табылган, тарыхый-маданий дөөлөттөргө ээ болгон кенчтер, археологиялык табылгалар мамлекеттин карамагына өткөрүлүп берилүүгө тийиш. Анын чегинде жана курамында кенч табылган жер участогунун же башка мүлктүн менчик ээси жана кенчти тапкан адам кенчтин наркынын элүү пайызы өлчөмүндө сыйлык алууга укуктуу. Кыргыз Республикасынын атынан эл аралык жана республикалык маанидеги эстеликтердин менчик ээсинин ыйгарым укуктарын эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик орган жүзөгө ашырат. (КР 2014-жылдын 13-январындагы № 10 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 31.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
14-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 13 января 2014 года № 10 "О внесении дополнений и изменения в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
13.01.2014 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…аймагында табылган, тарыхый-маданий дөөлөттөргө ээ болгон алынып салынды: кенчтер кошулду: кенчтер, археологиялык табылгалар мамлекеттин карамагына өткөрүлүп берилүүгө тийиш. Анын чегинде жана … эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик орган жүзөгө ашырат.
кошулду: (КР 2014-жылдын 13-январындагы № 10 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/254/st-14" title="14-статья - Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>