# 11-статья. Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу ишине илимий мекемелердин, окуу жайларынын жана музейлердин, коомдук уюмдардын жана бирикмелердин, ишканалардын жана жарандардын катышуусу

- Документ: [Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/254)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 26-июлундагы № 91 "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 91
- Кабыл алынган күнү: 26.07.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 июля 2012 года № 143 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "Об охране и использовании историко-культурного наследия"](https://aqlex.ai/kg/doc/203743)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/254#diff=1024648..1024649>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/254/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-240/edition/1024647/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/254/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө, 11-статья (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/254/st-11

---

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, илимий мекемелер, окуу жайлары жана музейлер өз эсебинен, кошумча алынган каражаттардын эсебинен тарыхый-маданий мурас объекттеринде илимий-иликтөө иштерин жүргүзүшөт, эстеликтердин илимий баасын аныктоо жагында эксперттер катары чыгышат, өздөрүнүн илимий иликтөө пландарында жана окуу программаларында тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу маселелерин изилдөөнү жана окутууну караштырышат. Тарыхый-маданий мурас объекттеринин менчик ээлери болуп саналган жарандар жана юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төмөнкү талаптарды милдеттүү аткаруу менен алардын сакталышын жана корголушун камсыз кылууга милдеттүү:

- тарыхый-маданий мурас объектисинин паспортуна сактоо буюмзаты катары киргизилген маалыматтарга ылайык тарыхый-маданий мурас объектисинин ички жана тышкы келбетин сактоого;

- эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдан тарыхый-маданий мурас объектисинин аймагынын чектеринде жер казуу, жерге жайгаштыруу, курулуш, мелиорациялык, чарбалык жана башка жумуштарды жүргүзүүгө уруксат алууга;

- тарыхый-маданий мурас объекттеринин өзгөчө корголуучу режиминин сакталышын камсыз кылууга;

- тарыхый-маданий мурастын объектисинин өздөрү тарабынан белгиленген шарттарда жетимдүү болуусуна;

- тарых жана маданият эстеликтерин пропагандалоого жана кеңири жайылтууга катышууга.

(КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 143 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/254/st-10)  
Кийинки берене: [111-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/254/st-111)
