# 10-статья. Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясы

- Документ: [Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/254)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 26-июлундагы № 91 "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 91
- Кабыл алынган күнү: 26.07.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 июля 2012 года № 143 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "Об охране и использовании историко-культурного наследия"](https://aqlex.ai/kg/doc/203743)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/254#diff=1024648..1024649>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/254/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-240/edition/1024647/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/254/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө, 10-статья (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/254/st-10

---

Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өзүнүн аймагында:

- тарыхый-маданий мурас объекттерин издеп табууну, эсепке алууну, коргоону, реставрациялоону жана пайдаланууну камсыз кылышат;

- тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылышат;

- экономикалык жана социалдык өнүгүү пландарында жергиликтүү маанидеги эстеликтерди эсепке алууну, коргоону жана реставрациялоону уюштуруу боюнча иш-чараларды карайт, ошондой эле аларды жүзөгө ашырууну жергиликтүү бюджеттик каражаттардын эсебинен каржылашат;

- ишканалардын, уюмдар менен мекемелердин эстеликтерди жетектөөгө алуусун уюштурууга көмөк көрсөтүшөт;

- тиешелүү багыттагы мекемелерди жана коомчулукту эстеликтерди коргоо жана пропагандалоо боюнча иш-чараларды өткөрүүгө тартышат;

- эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик орган менен макулдаштыкта эстелик болуп саналган мамлекеттик менчиктеги имараттарды жана курулуштарды пайдаланууга берүү жөнүндө маселени чечишет;

- эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдын макулдугу менен шаарларды жана башка калктуу конуштарды пландаштыруунун, куруунун, реконструкциялоонун долбоорлорун иштеп чыгууда жана бекитүүдө бардык категориядагы эстеликтерди издеп табуу, изилдеп үйрөнүү, сактоо, ошондой эле тарыхый-курулуш таяныч пландарын жана карта-схемаларды түзүү боюнча иш-чаралардын аткарылышын камсыз кылышат;

- чарбалык-курулуш жана жүгүртүү максаттарында өздөштүрүү үчүн жер участокторун бөлүп берүүнү эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдын корутундусу болгондо гана жүзөгө ашырышат;

- эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдын сунушу боюнча эстеликтер үчүн коркунуч туудуруучу курулушту жана башка жумуштарды токтото туруу, ошондой эле аларга тыюу салуу маселесин чечишет;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды ишке ашырышат.

(КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 143 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/254/st-9)  
Кийинки берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/254/st-11)
