Чет-Нура айылдык кеңешинин « Жогорку- Нарын Ак-Булуң гидроэлектростанциялар каскадынын курулушунун 4-этабы боюнча жер аянтын берүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезекиз XXVI чакырылышынын XXI сессиясын
2015-жылдын 12-сентябры № 22/1 Жогорку-Нарын Ак-Булуң гидроэлектростанциялар каскадынын курулушунун 4-этабы боюнча жер аянтын берүү жөнүндө Жогорку-Нарын Ак-Булуң гидроэлектростанциялар каскадынын обьектилеринин курулушуна жер аянттарын бөлүп берүү боюнча «Кыргызмамжердолбоор» долбоорлоо институту тарабынан жазалган материалдарын карап, талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.03.2014-ж..№169 токтому менен бекитилген «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө» Убактылуу Жобого таянып, Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жогорку Нарын Ак-Булуң гидроэлектростанциялар каскадынын курулушунун 4-этабы боюнча бөлүнүүчү жалпы 38,19 гектар жер аянты, анын ичинен жайыт аянты 37,25 гектар, там, сарайдын орду 0,54 гектар жана жол алдындагы 0,40 гектар жер аянты өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика, коргоонунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга (трансформацияга) макулдук берилсин.
2. «Электр станциялары» Ачык Акционердик Коомуна Жогорку- Нарын Ак-Булуң гидроэлектростанциялар каскадынын курулушуна бөлүнүп берүлүүчү жалпы 38,19 гектар жер аянтынын ичинен туруктуу калуучу обьектилерге (жол, плотина, канал жана башка) 49 (кырк тогуз) жылдык мөөнөткө пайдаланууга жана калган жер аянттары 15 (он беш) жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга бөлүп берүү жагы суралсын.
3. Убактылуу бөлүнүп берилген жер аянты иштетилип, ГЭС курулуп бүтөөрү менен (рекультивация) жарактуу кылынып, айыл өкмөтүнүн карамагына кайра өткөзүп берүү жагы суралсын.
4. «Электр станциялары» Ачык Акционердик Коомуна Жогорку Нарын Ак-Булуң гидроэлектсртанциялары каскадынын курулушунун муктаждыгына бөлүнүп жаткан жерлерге кирип кеткен жеке менчик жерлер жана короо-сарайларды баалап сатып алуу жагы суралсын.
5. Токтомду бекитип берүү үчүн Нарын райондук мамлекеттик администрациясына мыйзам чегинде сунуштоо жагы Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы К.Кудайбергеновго милдеттендирилсин.
6. Токтомду Нарын облустук юстиция башкармалыгы тарабынан каттоодон өткөрүү жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы К.Садыковага милдеттендирилсин.
Төрага
Ж.Жакыпов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 3
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөЗакон · 15.07.2013 · № 145 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 19.03.2014 · № 169 · Күчүн жоготкон
- "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жобо" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындягы № 169 токтому менен бекитилген)Временное положение · 19.03.2014 · № 169 · Күчүн жоготкон