Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Чет-Нура айылдык кеңешинин «Жогорку-Нарын гидроэлектростанциялар каскадынын курулушуна бөлүнүүчү жерлердин категориясын которууга макулдук берүү жөнүндө» токтому
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезекиз XXVI чакырылышынын XXI сессиясы
2015-жылдын 21-августу № 21\1 Жогорку-Нарын гидроэлектростанциялар каскадынын курулушуна бөлүнүүчү жерлердин категориясын которууга макулдук берүү жөнүндө Жогорку-Нарын гидроэлектростанциялар каскадынын обьектилеринин курулушуна жер аянттарын бөлүп берүү боюнча «Кыргызмамжердолбоор» долбоорлоо институту тарабынан жазалган материалдарын карап, талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.03.2014-ж. № 169 токтому менен бекитилген «Жер участокторун которуу(трансформациялоо) тартиби жөнүндө» Убактылуу Жобого таянып, жер ээлери менен түзүлгөн макулдашуунун негизинде Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жогорку Нарын гидроэлектростанциялар каскадынын курулушуна бөлүнүүчү жалпы 598,24 гектар жер аянты, анын ичинен жеке менчик 23,90 Га жер аянты жер ээлери менен алдын ала түзүлгөн 3 (Үч) тараптуу макулдашуунун негизинде өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика, коргоонунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга (трансформацияга) макулдук берилсин .
2. «Электр станциялары» Ачык Акционердик Коомуна Жогорку- Нарын гидроэлектростанциялар каскадынын курулушуна бөлүнүп берүлүүчү жалпы 598,24 жер аянтынын ичинен туруктуу калуучу обьектилерге (жол, плотина, канал жана башка) 49 (Кырк тогуз) жылдык мөөнөткө пайдаланууга жана калган жер аянттары 15 (Он беш) жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга бөлүп берүү жагы суралсын.
3. Убактылуу бөлүнүп берилген жер аянты иштетилип, ГЭС курулуп бүтөөрү менен (рекультивация) жарактуу кылынып, айыл өкмөтүнүн карамагына кайра өткөзүп берүү жагы суралсын.
4. «Электр станциялары» Ачык Акционердик Коомуна Жогорку Нарын гидроэлектсртанциялары каскадынын курулушунун муктаждыгына бөлүнүп жаткан жерлерге кирип кеткен жеке менчик жерлер жана короо-сарайларды баалап сатып алуу жагы суралсын.
5. Мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн жер аянтын трансформациялоого укук ээлеринин жана тараптардын макулдашуусу аткарылбай калган учурда, ошол макулдук берген адамдын сунушу менен макулдук жокко чыгарылсын.
6. Макулдашуунун негизинде трансформация болгон үлүш жана жеке менчик жер ээлери өзүлөрүнүн жерлерине тете жер алган убакта, укук аныктоочу документке кеткен чыгымдарын төлөп берүү жагы суралсын.
7. «Электр станциялары» Ачык Акционердик Коомуна жогорку Нарын гидроэлектро станциялары каскадынын курулушуна мамлекеттик фондунун жана үлүш жерлердин сугат каналдарын жана ички арыктарды жараксыз абалга келтирсе кайра калыбына келтирүү жагы суралсын.
8. Айыл чарба багытындагы жерлерден пайданын түшүүсү (упушенная выгода) жана айыл чарба жоготууларына (за сельхозпотер) мыйзам чегинде төлөмдөр төлөнүп берилсин.
9. «Электр станциялары» Ачык Акционердик Коомуна жогорку Нарын гидроэлектростанциялар каскадынын курулушуна 3-этап менен бөлүнүп жаткан жер аянтына кирип калган мамлекеттик фонддун жеринен ижарага алып иштетип жаткан жарандарга компенсация 2015-жылдын 25-декабрына чейин төлөп берүү жагы суралсын.
10. Бул токтомдо берилген пункттар толук өз убагында аткарылбаса жана ар кандай өзгөрүүлөр жана кырдаалдар пайда болсо токтомго өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
11. Токтомду бекитип берүү үчүн Нарын райондук мамлекеттик администрациясына мыйзам чегинде сунуштоо жагы Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы К.Кудайбергеновго милдеттендирилсин.
12. Токтомду Нарын облустук юстиция башкармалыгы тарабынан каттоодон өткөрүү жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы К.Садыковага милдеттендирилсин.
Төрага
Ж.Жакыпов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 3
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөЗакон · 15.07.2013 · № 145 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 19.03.2014 · № 169 · Күчүн жоготкон
- "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жобо" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындягы № 169 токтому менен бекитилген)Временное положение · 19.03.2014 · № 169 · Күчүн жоготкон