# Ак-Моюн айылдык кеңешинин 2016-жылдын 1-августундагы № 5/2 "Ак-Моюн айыл аймагынын А.Койчуманов атындагы орто мектебинин «Камкордук Кеңешин» түзүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ак-Моюн айылдык кеңешинин 2016-жылдын 1-августундагы № 5/2 "Ак-Моюн айыл аймагынын А.Койчуманов атындагы орто мектебинин «Камкордук Кеңешин» түзүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 5/2
- Кабыл алынган күнү: 01.08.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.08.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/253426>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-31512/edition/771382/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ак-Моюн айылдык кеңешинин 2016-жылдын 1-августундагы № 5/2 "Ак-Моюн айыл аймагынын А.Койчуманов атындагы орто мектебинин «Камкордук Кеңешин» түзүү жөнүндө" токтому (01.08.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/253426

---

АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ак-Моюн айылдык Кеңешинин сессиясы

2016-жылдын 1-августу № 5/2 Ак-Моюн айыл аймагынын А.Койчуманов атындагы орто мектебинин «Камкордук Кеңешин» түзүү жөнүндө Төрайым Г.Аттокурова билдирүү жасады. Ак-Моюн айылдык Кеңешинин сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2016-жылдын 31-мартындагы №134-б буйругу жана Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын 2016-жылдын 6-майындагы №88-б буйруктары Ак-Моюн айылындагы А.Койчуманов атындагы орто мектебинде аткарууга алынсын.

2.2016-жылдын 31-декабрына чейин А.Койчуманов орто мектебинин бюджеттен тышкаркы каражаттарын жөнгө салуу механизмин пилоттук апробациялоо жүргүзүлсүн.

3.Ак-Моюн айыл аймагындагы А.Койчуманов орто мектебине бюджеттен тышкары каражаттарды эсепке алуу жана тейлөө үчүн мамлекеттик үлүш катышкан коммерциялык банктарда эсептерди ачууга уруксат берилсин.

4.Ак-Моюн айыл аймагындагы мектепке чейинки жана А.Койчуманов орто мектебинин бюджеттен тышкары каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга карата “Камкордук Кеңешинин” курамы 7 (жети) адамдан түзүлсүн.

1.Аскербеков Нурсултан – айыл өкмөттүн соц.кызматкери,

2.Сыдыкова Жылдыз – ата-энелер комитетинин төрайымы,

3.Мустапаева Гүлмира – Ак-Моюн айылындагы ФАП башчысы,

4.Асаналиев Конокбек – Ак-Моюн айылдык кеңешинин депутаты,

5.Исмаилова Жыпаркүл – мектептин соц.педагогу,

6.Маатказиева Венера – кесиптик уюмдун мүчөсү,

7.Жусумамбетова Майраш – мектепте ашкана боюнча уюштуруучу.

5.Бул токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу жагы, Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Мамбетовго жана А.Койчуманов орто мектебинин мектеп директору Э.Кадыровага тапшырылсын.

Ак-Моюн айылдык Кеӊешинин төрайымы

Г. Аттокурова
