# Талды-Суу айылдык кеңешинин 2016-жылдын 29-июлундагы № 30/2 "Талды-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адис статист кызматкеринин кызмат ордун, штаттык бирдигин, сметасын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Талды-Суу айылдык кеңешинин 2016-жылдын 29-июлундагы № 30/2 "Талды-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адис статист кызматкеринин кызмат ордун, штаттык бирдигин, сметасын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 30/2
- Кабыл алынган күнү: 29.07.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.07.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/253387>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-31473/edition/751303/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.07.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Талды-Суу айылдык кеңешинин 2016-жылдын 29-июлундагы № 30/2 "Талды-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адис статист кызматкеринин кызмат ордун, штаттык бирдигин, сметасын бекитүү жөнүндө" токтому (29.07.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/253387

---

ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Талды-Суу айылдык Кеңешинин XXVI сессиясы

2016-жылдын 29-июлу № 30/2 Талды-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адис статист кызматкеринин кызмат ордун, штаттык бирдигин, сметасын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 17-март 2014-жылдагы № 145 жана 19-декабрь 2014-жылдагы № 175 жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына ыйгарым укуктарын өткөрүп берүүнүн тартиби жөнүндөгү токтомунун негизинде Талды-Суу айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адис статистик кызмат ордун,келишимин бекитүү жөнүндөгү өтүнүчүн угуп жана талкуулап Депутаттардын Талды-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ХХУ1 шайланган кезексиз ХХХ сесиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 17-март 2014-жылдагы № 145 жана 19-декабрь 2014-жылдагы № 175 жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына ыйгарым укуктарын өткөрүп берүүнүн тартиби жөнүндөгү токтомунун негизинде Талды-Суу айыл өкмөтүндөгү жетектөөчү адис статистик кызмат орду жана келишими бекитилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Дайыргазы уулу Нурланга милдеттендирилсин.

Талды-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы

Ж.Молоев
